Жарыяланган 22.12.2023

Дүйнөлүк социалдык коргоо: Социалдык фонддун эл аралык ишмердүүлүгү

“Кабар” маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында КР Социалдык фондунун төрагасы Алиев Бактияр Социалдык фонддун эл аралык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматы менен бөлүштү.

ЕАЭБ. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Макулдашуунун алкагында Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын 23 жаранына пенсия чектелди. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан жалпысынан 56 жаранга пенсия чектелди, алардын ичинен - 47 Россия Федерациясынын жараны, 8 Казакстан Республикасынын жараны, 1 Беларусь Республикасынын жараны.

Туркия. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында Түркия тарабынан жиберилген камсыздандыруу стажын тастыктоо жөнүндө 209 суроо-талап иштелип чыкты. Туркия Республика тарабынан 1 жаранга пенсия чектелди.

Корея. Түштүк Корея менен кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Түштүк Кореянын аймагында түзүлгөн жана талап кылынбаган пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү жүргүзүлөт. Пенсиялык топтоолорду бир жолку төлөө үчүн кайрылгандардын бардыгы 85 адам, алардын ичинен 79 адамга төлөнүп, 6 адам жооп күтүүдө. Орточо бир жолку сумма 4 200 АКШ долларын түздү.

Социалдык фонд пенсиялык камсыздоо жаатындагы эл аралык келишимдердин жана меморандумдардын долбоорлорунун үстүндө иштеп, башка мамлекеттер менен кызматташууну өнүктүрүүнү улантууда.