Жарыяланган 22.12.2023

Бактияр Алиев “Кабар” маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында Соцфонддун 2023-жылга карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди

2023-жылдын 22-декабрында “Кабар” маалымат борборунда өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Алиев Бактияр мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасындагы маанилүү өзгөрүүлөр менен бөлүштү. 2023-жылдын 1-октябрынан тартып 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%, бирок 500 сомдон кем эмес көбөйдү. Көбөйтүү үчүн 3,9 миллиард сом каралган. Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзүп, мурункуга салыштырмалуу орточо 1692 сомго көбөйгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси 94 209,9 миллион сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 033,1 млн сомго, же 130,5%га өстү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 11 айдын ичинде алдын ала маалыматтар боюнча 57175,4 млн.сомду же 1585,4 млн.сомго көбүрөөк болуп, белгиленген тапшырманын 102,9%ын түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 126,6%га, же 12 006,8 млн сомго көбөйгөн.

2023-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттен ассигнованиелердин түшүүсү 35 775,6 млн сомду түздү.

2023-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин жалпы чыгашалары 80 462,8 миллион сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттик чыгашалар 16 855,9 млн сомго же 126,5%га өскөн.

2023-жылдын 11 айында республикада пенсияны каржылоо 67 624,5 миллион сомду түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине карата 15 029,3 миллион сомго көп.

2023-жылдын 11 айында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 3910,1 миллион сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 324,1 миллион сом каржыланган.

Пенсияга кеткен чыгымдардын көбөйүшү Социалдык фонд улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүп жатканын айгинелейт. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 765,8 адамды түзөт, анын ичинен 173,2 адам же жалпы сандын 23%ы «Кыргызпочтасы» филиалдары аркылуу, 592,6 адам республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсия алышат. же 77%.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 68 964 жаранга пенсия чектеди.