Жарыяланган 22.12.2023
Соцфонддун Ысык-Ата райондук башкармалыгынын кызматкерлери пенсия тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин тынбай өткөрүп турушат.
Соцфонддун Ысык-Ата райондук башкармалыгынын кызматкерлери райондогу окуу жайларын кыдырып пенсия тууралуу бир катар окууларды өткөрүшкөн. Кезектеги окуу Бишкек агро-техникалык коллежинде окуган студенттерге, мугалимдер жамаатына өтүлгөн.
Райондук башкармалыктын орун басары У.К Нургазиев пенсия чектөө боюнча бөлүмдүн начальниги К. А Бакировалар пенсия жана тарифтер боюнча маселелерге кенен токтолушуп суроолорго жооп беришти.
Райондо мындай окуулар ай сайын өтүлүп, элдердин пенсия тууралуу көйгөйлөрү дагы убагында чечилип, тийиштүү жардамдар тынбай көрсөтүлүп турат.