Жарыяланган 20.12.2023

Нарын шаарында Соцфонддун кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча эки күндүк практикалык семинар-окутуу өткөрүлдү

 Нарын шаарында Соцфонддун кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча эки күндүк практикалык семинар-окутуу өткөрүлдү

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин уюштуруусунда Нарын шаарында Нарын, Ысык-Көл облустарынын  жана Тогуз-Торо райондук-шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү боюнча эки күндүк практикалык семинар-окутуу өтүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Соцфонддун жүргүзүп жаткан реформалары, мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр жөнүндө, социалдык фонддун өнүгүүсүнүн негизги максаттары жана аны ишке ашыруудагы райондук,  шаардык башкармалыктардын негизги милдеттери ошондой эле регионалдык башкармалыктарынын пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмдөрүнүн жалпы аткарып жаткан иштери, жаралган көйгөйлөрү тууралуу баяндамада кеңири айтылды. Пенсияларды чектөөдө “Eleed” программасы менен иштөөдөгү жаралган көйгөйлөр, аларды убагында чечүү жолдору дагы каралып, катачылыктарды алдын алуу тууралуу пикирлер айтылып, практикалык сабактарда тажрыйба алмашуу болду. 

Ошондой эле ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө иштеген жарандарды пенсия менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөрдү чечүү боюнча дагы кеңири маалыматтар айтылып, биздин жарандардын суроо-талаптары, аларга пенсиялардын чектелиши тууралуу практикалык сабактар өтүлдү. Семинарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, “инфодокс” системасында иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча практикалык саатта көрсөтүлдү. 

Жыйынтыгында өтүлгөн эки күндүк семинар тууралуу соцфонддун кызматкерлери жакшы ой пикирлери менен ыраазычылыктарын айтышты.