Жарыяланган 1.12.2017

КР Соцфондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу» КР Мыйзамынын долбоору жөнүндө маалымат

«КР Соцфондунун 2016-жыл  үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу» КР Мыйзамынын долбоору  жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча кирешелер 44700435,8 миң сомду түздү.

Камсыздандыруу төгүмдөрдүн түшүшү 26558363,4 миң сомду, башка кирешелер 231163,2 миң сомду түздү.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 16093020,6 миң сом суммасында түштү.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгымдары 42312302,8 миң сомду түздү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каржыланышы 1878780,5 миң сомду, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 247645,9 миң сомду түздү.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер 1312086,4 миң сомду түздү.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити 2388133,0 миң сомду түздү.