Жарыяланган 6.12.2023

Соцфонддун Аламүдүн райондук башкармалыгы пенсия тууралуу түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Соцфонддун Аламүдүн райондук башкармалыгы пенсия тууралуу түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Аламүдүн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.А Айсаев баштаган башкармалыктын кызматкерлери райондун тургундары менен жолугушушту. 

Аталган райондо дагы пенсия тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин ай сайын тынымсыз өткөрүп турушат. Кезектеги окуу учурунда суроолор менен кайрылып келген жарандарды кабыл алышып, ар бири менен баарлашып, суроо талаптарын угуп, арыздарын кабыл алып жардам беришти.

Пенсияга байланыштуу маселелерди алдын алууда районго кайрылган элди убара кылбай, убагында чечип берип туруу негизги милдетибиз дейт райондун кызматкерлери.