Жарыяланган 4.12.2023

“Окуу борбору” мекемесинин адистери алдын ала пландаган окууларын тынымсыз өтүшүүдө

“Окуу борбору” мекемесинин адистери алдын ала пландаган окууларын тынымсыз өтүшүүдө

Өткөн жумада шаарыбыздагы коллеждерде окуган бүтүрүүчү класстын базасындагы студенттерге, мектеп окуучуларына жана жалпы мугалимдер жамааттарына пенсия тууралуу кеңири лекциялар окулду. Окуу борборунун жигердүү жүргүзүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү максатындагы окуулары дайыма керек экендигин катышкандар баса белгилеп айтып келишет. Айрым мекеме-ишканалар, уюмдар, окуу жайлар биздин адистерди бир эмес, бир нече жолу чакырып, пенсия тууралуу суроолорун беришип, жоопторду тактап көбүрөөк маалымат алууга дилгир болуп турушат.   

Атап айта кетсек, Улуттук Университеттин алдындагы Юридикалык коллеждин 9-11 класстын базасындагы 10 группанын студенттерине, И.Арабаев атындагы гуманитардык коллеждин мугалимдер жамаатына, студенттерине, №5 кесиптик лицейдин студенттерине жана мугалимдер жамаатына, Бишкек тоо-кен техникалык коллежинин студенттерине, Бишкек инновациялык коллежинин студенттерине окуулар өтүлдү. Мындан сырткары №37 мектеп гимназиясынын мугалимдерине, Бишкек Эстетикалык косметология борборунун кызматкерлерине дагы окуулар болду. Өзгөчө юридикалык коллеждин студенттери, “окууну бүткөндө иш берүүчү тарап менен кандай келишимдерди сурашыбыз керек, кийин пенсиябыз кандай эсептелинет, топтомо бөлүктөгү акчабызды эки-үч жыл өткөндө деле ала берсек болбойбу, пенсия дагы көбөйтүлөбү” деген кызыктуу сууроолору менен талкуу жаратышты.