Жарыяланган 1.12.2023

Соцфонддун Түп райондук башкармалыгынын имараты оңдоп-түзөөдөн өттү!

 Соцфонддун Түп райондук башкармалыгынын имараты оңдоп-түзөөдөн өттү!

1950-жылы курулган имараттын эскилиги жетип, кызматкерлердин коопсуздугуна коркунуч жарата баштаган.

Имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2 млн 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Имараттын расмий ачылышында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев кызматкерлерди  куттуктап, аларды ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, эң негизгиси, жарандарга ак ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле, мындай саамалыктар дагы уланаарын, кийинки жылга Сокулук, Алай, Чоң Алай райондорунун кызматкери үчүн жаңы имараттар курулаарын белгиледи.

Социалдык фонддун Түп райондук башкармалыгында жалпы 16 кызматкер эмгектенип, алар Түп районундагы 9500 пенсионерге кызмат көрсөтөт.