Жарыяланган 1.12.2023

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Конференция

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Конференция

2023-жылдын 1-декабрында коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча Стратегиялык иш-аракеттер планына ылайык Социалдык фонд өзүнүн аймактык органдары үчүн "Коррупциянын алдын алуу" темасында конференция өткөрөт.

Бул конференциянын максаты жер – жерлерде коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүүдөгү көйгөйлөрдү, коррупциянын алдын алуу ыкмаларын, коррупциогендик факторлорду түзүү шарттарын талкуулоо, ошондой эле атайын чакырылган спикер Какешов Бакыт Дайрабаевич - Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, КААМБЫУ, юридика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун жазык укугу жана криминология кафедрасынын доценти, "Коррупцияга каршы үгүттөө" темасында лекция өткөрөт.

Ошондой эле спикерлер, Социалдык фонддун Ички аудит башкармалыгынын башчысы Тойчиева Нургуль Батыровна "Аудиттин жүрүшүндө аныкталган потенциалдуу коррупциялык тобокелдиктер" жана Социалдык фонддун адам ресурстары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Орозова Айнура Орозовна "Кадр ишиндеги коррупцияга каршы чаралар" темасында баяндама жасашат.