Жарыяланган 17.11.2023

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ИРИ ӨНДҮРҮШ ИШКАНАЛАРЫНДА ДАГЫ ОКУУ - ЛЕКЦИЯЛАР ӨТҮЛҮҮДӨ

БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ИРИ ӨНДҮРҮШ ИШКАНАЛАРЫНДА ДАГЫ ОКУУ - ЛЕКЦИЯЛАР ӨТҮЛҮҮДӨ

КР Социалдык фондунун “Окуу борборунун” борбору мекемесинин адистери “Арпа” ААК – ачык акционердик коомунун сыра чыгарган ишканасында болду.

Адаттагыдай эле, окуу борбордун кызматкерлери пенсиялык сабаттуулукту арттыруу максатындагы окуубузда, пенсияга байланыштуу маалыматтар менен бөлүшүп, жумушчулардын суроолоруна кенен жооп берди.

Аталган ишканада миңдеген жумушчулар эмгектенишип, алар социалдык төлөмдөрдү убагында которуп турган туруктуу төлөөчүлөр болуп эсептелинишет.

Мындай окуулар шаарыбыздагы башка ири өндүрүш жетекчилеринин атайын чакыруусунда дагы өтүлүп турат.