Жарыяланган 15.11.2023

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Конкурсту өткөрүү тууралуу билдирүү (жарыя)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүү үчүн депозитарийди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт.

Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдин шарттары конкурстук документтерде көрсөтүлгөн, ал Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун www.socfond.kg сайтында жайгаштырылган.

Конкурска катыша турган депозитарийлер конкурстук табыштамаларды камсыз кылуу кепилдигин 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банктык эсебине төмөнкү реквизиттер боюнча которууга тийиш:

ИНН 02904199410050

Банк: филиал “ВИП центр” ОАО “Айыл Банк”

Расчетный счет: 1350108027307374

Бик: 135039

Конкурстук документтердин талаптарына ылайык даярдалган жана таризделген  конкурска катышууга табыштамалар 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, 11 каб.  дареги боюнча 2023-жылдын 15 -декабрынын саат 15.00 чейин тапшырылышы керек.

Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн кошумча документтер менен кошо тигилип жана номурланып чапталган конвертте берилет.

Табыштамалар салынган конверттер 720005, Бишкек ш., Радищев көч.,62, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, 3-этаж, Конференц-зал дареги боюнча 2023-жылдын 18-декабрында саат 14.00дө ачылат.

Конкурстук документтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү жана маалыматтарды алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Бишкек ш., Радищев көч.,62, 11-каб., тел. +996 (312) 576400.