Жарыяланган 15.11.2023

Соцфонддун Бишкек жана Ош шаарларындагы калкты тейлөө борборлорунан пенсия боюнча кызмат көрсөтүүнү улантууда

 Соцфонддун Бишкек жана Ош шаарларындагы калкты тейлөө борборлорунан пенсия боюнча кызмат көрсөтүүнү улантууда

Биз Бишкек жана Ош шаарларынын жарандарына калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) КР Соцфондунун терезелери ийгиликтүү иштеп, пенсиялык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүп жатканын эскертебиз.

Бишкек ш. КТБнын даректери:

КТБ-1: 12 мкр., Нуркамал Жетикашакаева көч. 29;
КТБ-2: Чолпон-Ата көч. 2;
КТБ-3: Жаш Гвардия бул. 4;
КТБ-4: Жибек Жолу пр. 381.

Ош ш. КТБнын дареги – Касымбеков көч. -8 г/1.

Жеткиликтүү кызматтар:

- пенсия дайындоого;
- пенсияны кайра эсептөөгө;
- пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алууга;
- жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу;
- пенсия төлөөнү узартуу;
- сөөк коюуга ырым - жырым жөлөкпулун алуу;
- пенсияны төлөө каналын алмаштыруу;
- пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу боюнча арыз.

Ошондой эле пенсиялык күбөлүк берүү каралган.

Иш убактысы:
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Социалдык фонддун Call-борборуна 1202 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Сиздерди сапаттуу жана өз убагында пенсиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн КТБорборлорунан көргөнүбүзгө кубанычтабыз!