Жарыяланган 3.11.2023

Пенсия тууралуу мугалимдерге, студенттерге жетишерлик маалыматтар берилүүдө

Пенсия тууралуу мугалимдерге, студенттерге жетишерлик маалыматтар берилүүдө

Социалдык фонддун “Окуу борбору” мекемесинин ноябрь айына белгиленген окуулары башталды. Белгилүү болгондой Бишкек шаарындагы орто жана жогорку окуу жайларында анын ичинде лицей, коллеждерге тынымсыз окуулар өтүлүүдө. Атап айтсак КРСУ коллежинин студенттерине, Бишкектеги курулуш архитектура жана менеджмент коллежиндин мугалимдерине, Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык коллежинин мугалимдер жамаатына, “Pover Point” копьютердик борборунун эмгек жамаатына пенсия тууралуу кеңири жеткиликтүү маалыматтар берилип, көптөгөн суроолорго так жооптор айтылды. Пенсия курагына келип калган мугалимдер эмгек стажылары кандай эсептелинет, канча пенсия ала алышат, кантип көбөйтсө болот деген өңүттөгү суроолорун арбын беришти. Бардык окуу жайларында Окуу борборунун адистерин жылуу кабыл алышып, ыраазычылыктарын билдирүүдө. Алардын айрымдарына токтолсок.

-Көзү өтүп кеткен адамдын мураскору топтомо бөлүктөгү акчасын ала алабы?

-Көзү өтүп кеткен жарандын топтомо фондундагы каражаты анын мураскорлоруна төлөнүп берилет.

-Электрондук кабинет аркылуу аралыктан эмнелерди алса болот?

-Камсыздандырылган жарандын жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө аралыктан пенсия чектөөгө жеке эсебинин, топтомо фондунун көчүрмөлөрүн алууга, пенсиянын төлөө каналын өзгөртүүгө, пенсиясынын өлчөмү тууралуу маалым катты, пенсия чектелгендиги тууралуу протоколун алуу жана пенсияны төлөөнү узартуу тууралуу маалыматтарды алса болот.

-Көп пенсия алуу үчүн эмнеге көңүл буруу зарыл?

-Көп пенсия алуу үчүн камсыздандыруу системасына толук катышууңуз керек. Башкача айтканда ал сиздин түздөн-түз айлык акыңыздан жана камсыздандыруу төлөмдөрүңүздүн эсебине жараша болот.

-Майыптык алгандан кийин пенсия кандайча эсептелинет?

-Майыптык боюнча пенсия, майыптыктын тобуна жараша чектелет.  I, ll топтогу майыптарга жаш курагы боюнча чектелген пенсиядан 100 пайыз, lll топтогу майыптарга 50 пайыздан чектелет.

-Мен пенсионермин, менден 2% кармалабы?

- Иштеген пенсионерлерден топтомо фондуна 2 пайыз кармалбайт.

-Менин иштеген жылдарым базадан чыкпай жатат, каяка барып тактасам болот?

-Сиз иштеген мекеменин бухгалтеринен отчетторун каратып, райондук соц.фонд башкармалыгынын жеке эсеп бөлүмүнө кайрылып тактооңуз керек.

-40-жыл стажы үзгүлтүксүз болушу зарылбы?

-Мөөнөтүнөн мурда 60 жашта пенсияга чыгуу үчүн 40жыл жалпы камсыздандыруу стажыңыз болуш керек. Үзгүлтүксүз деген талап жок.

-Иштебегендерге пенсия өлчөмү канча болот?

-Эч жерде иштебесеңиз, камсыздандыруу төлөмдөрүңүз жок болсо Соцфонд аркылуу пенсияга чыга албайсыз.

-Эгерде стажы жетпесе эмне кылуу керек?

-Пенсия чектөөгө стажыңыз жетпей жатса, 1996-жылдан кийин иштебеген бош жылдарыңыз болсо ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрү аркылуу стажыңызды толуктасаңыз болот.