Жарыяланган 1.10.2023

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевдин карылар күнү менен куттуктоосу!

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевдин карылар күнү менен куттуктоосу!

Урматтуу аталар, апалар, үйүбүздүн куту, төрүбүздүн көркү болгон кадырман карыялар!

Сиздерди, Социалдык фонддун эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 1-октябрь Карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кезинде мамлекетибиздин өнүгүшү, элибиздин жыргал турмушу үчүн ар бириңиздер ак эмгек жасап, бүгүн кутман курак карылыктын чайын ичип, ак батаңыздар менен элибизге ырыскы, береке тилеп келесиздер.  

Биз, Сиздер баштаган алгылыктуу иштерди татыктуу улантып өлкөбүздүн өнүгүшүнө, мамлекетибиздин эл аралык аренадагы абройун арттырууга тынымсыз аракет жасоодобуз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр тилейм!

Ар дайым маанайыңызлар ачык болуп, жашооңуздарды кубаныч уялап турсун. 

Дагы бир ирет, майрамыңыздар менен!