Жарыяланган 26.09.2023

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Сауд Аравиясынын Башкы социалдык камсыздандыруу уюмунун башкаруучусу Абдулазиз Альбук мырза менен жолугушту

Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Сауд Аравиясынын Башкы социалдык камсыздандыруу уюмунун башкаруучусу Абдулазиз Альбук мырза менен жолугушту

2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун имаратында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев менен Сауд Аравиясынын Башкы социалдык камсыздандыруу уюмунун башкаруучусу Абдулазиз Альбук мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар КР Социалдык фонду менен Сауд Аравиясынын Социалдык камсыздандыруу боюнча башкы уюмунун ортосундагы кызматташтыкты жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери менен Сауд Аравиясынын Башкы социалдык камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү маалымат алмашып, анда кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы жана пенсиялык камсыздоо тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу  боюнча презентация көрсөтүлдү. Өз кезегинде Социалдык камсыздандыруу боюнча Башкы уюмдагы кесиптештер Сауд Арабиянын пенсиялык системасы тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, тараптар социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү учурдагы алдыңкы тажрыйбалар менен алмашышты, ошондой эле пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, бул жааттагы негизги маселелерди талкуулашты. Мындан ары кызматташуунун вектору аныкталды.

Жолугушуунун соңунда тараптар пенсиялык система боюнча тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу зарылдыгы тууралуу өз ара пикирлерин билдиришти.