Жарыяланган 26.09.2023

Социалдык фонддун кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты

Социалдык фонддун кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бир катар кызматкерлери Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев сыйлык ээлерин куттуктап, бул сыйлыктарга республиканын билим берүү, медицина, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ички иштер, авиация, айыл чарба жана эл аралык иштер тармагындагы көрүнүктүү атуулдарынын ишмердүүлүгү бааланганын белгилеп, “Сиздер өлкөбүздүн өнүгүшүнө жеке эбегейсиз салым коштуңуздар. Бул сыйлыктар мамлекеттик сыйлыктарга тепкич болуп калсын”, – деген каалосун айтты.