Жарыяланган 22.09.2023

КРСФнун кызматкерлеринин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча Ысык-Көлдө окуу-семинар болуп өттү

КРнын “Окуу борбору” мекемесинин кызматкерлери тарабынан Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондук, шаардык башкармалыктарынын жеке эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерине Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында 2023-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин семинар-окуулар уюштурулду. Социалдык фондунун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ыссык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондук, шаардык башкармалыктарынын жеке эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери, аталган регионалдык башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары, жеке эсепке алуу бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери катышышты.

КРСФнун борбордук аппаратынан КРСФнун Төрагасынын орун басары Жума у.Улан, КРСФнун Окуу борбору мекемесинин директору Нусупбеков Кылычбек Чекирович, КРСФнун коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым өкүлү Ибраимова Тамара Филипповна, Жеке эсепке алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Г.Байтикова, Камсыздандыруу төгүмдөрүн пландоо жана эсепке алуу башкармалыгынын башчысы Н.Урустамова, Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ким Ольга Дмитриевна, Пенсияларды төлөө башкармалыгынын башкы адиси Орозбаев Нурсултан Шералиевич, Жеке эсепке алуу башкармалыгынын башкы адиси Исаков Улан Замирбекович, КРСФнун МТПФнун башкы бухгалтери Иманкулова Гульбайрам Ленаровна, “Окуу борбору” мекемесинин башкы адиси Оморова Эльмира Алиевна, “Окуу борбору” мекемесинин жетектөөчү адиси Кошокова Гүлипа Салыбаевналардын катышуусу менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрагасынын орун басары Жума уулу Улан киришүү сөзүндө, КРСФнун жүргүзүп жаткан реформалары, бардык регионалдык органдардагы жеке эсепке алуудагы жаралып жаткан көйгөйлөрдү баса белгилеп, ар бир кызматкердин Социалдык фонддун ишин эффективдүү жүргүзүүдөгү ролун аныктап, алардын фукционалдык милдеттерин аткаруудагы аракеттери жөнүндө, “Окуу борбору” мекемесинин директору К.Ч.Нусупбеков, өткөрүлүп жаткан семинар-окутуунун максатына, маанисине токтолушуп, семинарга катышуучулардын активдүү катышып берүүсүнө жана Социалдык фонддун негизги милдеттерине жана максаттарына кыскача токтолушту.                                  

КРСФнун коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым өкүлү Ибраимова Тамара Филипповна; системадагы коррупциялык корүнүштөргө токтолуп, аларды болтурбоонун аракеттери жөнүндө кеңири айтып берди.                                                                      

КРСФнун Борборунун камсыздандыруу төгүмдөрүн пландоо, эсепке алуу башкармалыгынын башчысы Н.Р.Урустамова; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф - чендери, ири салык төлөөчүлөр, чакан жана орто ишкердик менен иш алып барган субъектер жана жеке ишкерлерге берилген жеңилдиктер тууралуу, КРнын Салык кызматы менен өз ара аракеттешүүдөгү келип чыккан маселелерди чечүү жолдору жөнүндө айтып берди. Тапшырылган отчетторду-камсыздандыруу төгүмдөрүн биздин базага отургузуудагы көйгөйлөр жөнүндө кеңири токтолду.                  

Жеке эсепке алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Г.Байтикова, Жеке эсепке алуу башкармалыгынын башкы адиси Исаков Улан Замирбекович; жарандардын жеке эсепке алуудагы көйгөйлөр, алардын маалыматтарын коргоодогу укуктук негиздемелерин, жарандардын жеке эсебинин көчүрмөлөрүн чыгарып берүү жолдору жөнүндө тренинг өткөрүштү:                           

Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ким Ольга Дмитриевна; отчет тапшыруудагы КРнын Салык кызматы менен өз ара иш алып баруу, көйгөйлөрдү чечүү жолдору, «Elеed» программасы менен иш алып баруу жөнүндө практикалык саат өткөрүп, ар бир райондогу меселерди чечүүнү программада көргөзүп берди; Пенсияга чыккан кызматкерлер автоматтык түрдө идентификациялангыдай кылып, эмгек акынын бириккен фондун өзгөртүүгө болобу, анткени жумушка киргенде пенсиялык күбөлүктөр өз убагында берилбейт. Пенсионер пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөгө арыз бергенде, пенсия дайындалган учурдан тартып такталган отчетторду берүү керек; жооп: Бардык пенсионерлердин эмгек акы баракчаларында автоматтык түрдө идентификацияланышы үчүн бардык бөлүмдөрдүн (социалдык коргоо, социалдык фонд, Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги ж.б.) бирдиктүү маалымат базасы керек.

Мамлекеттик салык кызматы дыйкан чарбалары үчүн тарифтердин бардык түрлөрүн социалдык түйүндөр тарабынан берилген модулда көрүү мүмкүнчүлүгүн жасаганда гана, эгерде форма туура толтурулбаса, маалыматты эсептөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгат. Социалдык фонду жана Мамлекеттик салык кызматы жактан «Салык сервис» мамлекеттик ишканасына милдеттер коюулуп, дыйкан чарбаларына тиешелүү бардык көйгөйлөр боюнча чечүү белгиленген. Дыйкан чарбаларын программада жакшыртуу боюнча учурда кошумча иштер башталды.

Инвестицияларды кирешелерди эсептөө үчүн жарандардын жеке эсебин тазалоону кантип баштоо керек? Жооп: Жеке эсепти тазалоо үчүн ар бир адис эсептин ОСВ программасын жана «Elеed» системасында иштелип чыккан процедураларды колдоно билиши керек, жеке эсепти тазалоо, жеке эсепти бузулган шилтемелерден тазалоо, карызды эсепке алуу эсептери менен “Жеке эсепти салыштыруу” отчетторун колдоно билүү, төлөм максаттарынын коддорун билүү. Бардык бул процедуралар «Elеed»  системасынын өзүндө иш жүзүндө көрсөтүлгөн.

Эмне үчүн кээ бир ЖИ үчүн ОЭАнын 6% ставкасы боюнча эсептөө жүрбөй жатат? Жооп: Мамлекеттик салык кызматынын (УККН, АЭА, Баткен, Баткен РСКФ) төлөөчүнүн бир бөлүмдө, эки виртуалдык райондо) каттоосуна ылайык “Элид” системасында райондорду виртуалдык түзүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылды жана кошумча талаа «райондук» толтурулбаса, тариф аныкталбайт.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 04.01.2023-жылдан тартып кол менен жазылган полистер менен эмне кылуу керек? Жеке ишкерлер тарифтин түрүнө ылайык 6% (мурда 10%)  ката болууда. Жооп: Жеке ишкерлерге АСВ тарабынан киргизилген камсыздандыруу полистери 6% (мурда 10%) эски 10% ставкасы боюнча четке кагуу керек.

Бирдиктүү салыкка өткөн кийим тигүү тармагында иштеген адамдар кантип 161 форма боюнча отчет беришсе болот? Жооп: Кийим өндүрүү менен алектенген адамдарда 161-формада тарифтин бул түрү жок, анткени мыйзам боюнча алар камсыздандыруу полистерин сатып алышат. Каттоодо социалдык камсыздандыруу отчетунда “Справкасы бар адамдар” тарифинин түрү көрсөтүлөт эмгек акы нөлгө барабар, ал эми киреше салыгы үчүн адаттагыдай эле стандарттык чегерүү 10% көрсөтөт. Башкача айтканда, социалдык камсыздандыруу полиси сатып алынат, ал эми киреше салыгы боюнча алар 161 отчетту тапшырат.

Пенсияларды төлөө башкармалыгынын башкы адиси Орозбаев Нурсултан Шералиевич;

Кыргыз Республикасынын пенсия төлөө боюнча Нускама жөнүндө талдоо жүргүзүлдү. Андан тышкары «Eleed» программасы менен пенсияларды кантип төлөөнөрү жана пенсионерлердин маалыматтарын кантип кароо каралды.

Окуу процессинде райондук кызматкерлерден төмөндөгү суроолорду беришти;

Пенсионерлердин туура эмес ПИНдери боюнча, ошондой эле аты-жөнү туура эмес болуп жатканда пенсия төлөө учурунда тоскоолдуктар жаралып жаткандыгын белгилеп кетишти.

Пенсионерлердин каза боюнча маалыматты кайсы мекемеден алса болот деген суроолор болду.

КРСФнун МТПФ мекемесинин башкы бухгалтери Иманкулова Гульбайрам Ленаровна; МТПФду жөнүндө, жарандарга кайсы учурларда топтоо фондундагы каражаттарды алуу каралган, топтоо фондундагы каражаттарды алган жарандар жөнүндө отчетторду берүү жолдору жөнүндө кеңири токтолуп, суроолорго практикалык жоопторду берди;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун “Окуу борбору” мекемесинин башкы адиси Оморова Эльмира Алиевна–Мамлекеттик кызматкерлердин ишкердик этикасы, эмгек жамааатындагы психологиялык жана этикалык маданиятты күчөтүү менен корпоративдик мамилелерди өркүндөтүү, адам жана коомду тыгыз байланышы боюнча обзордук маалымат-презентация окулду;

Окуу борбору мекемесинин жетектөөчү адиси Кошокова Гулипа Салыбаевна; Нарктуу жаран - улуттун жүзү, Кыргыз Республикасынын 2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө Улуттук Программасын ишке ашыруу максатында окуу планына “Нарктуу жаран–улуттун жүзү” киргизилген, Окуунун максаты: КРСФнун кызматкерлерине улуттук нарк, каада-салт, улуттук баалуулуктарды сактоо жөнүндө маалымат берүү менен өлкөгө жан дили менен берилген, руханий байлыгы таза, нарктуу мамлекеттик кызматчыларды өстүрүү жөнүндө маалымат-презентация окуду. Семинардын жыйынтыгында ар бир окулган тема боюнча суроолорго жооптор берилип, талкуулар жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер берилди. Анын корутундусунда кызматкерлер тарабынан, окулган тема 90-95 пайыз кабыл алынганы маалым болду, катышуучулардын саны–53 кызматкерди түздү.

Жыйынтыгында бардык лекторлор ар бир теманы толук, жеткиликтүү, түшүнүктүү айтып беришип, деңгээли жогору экени аныкталды.