Жарыяланган 16.09.2023

Социалдык фонд республикалык ишембиликке катышты

Социалдык фонд республикалык ишембиликке катышты

2023-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы эмгек жамааты республикалык ишембиликке чыгышты.

Ишембиликке Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана ага караштуу мекемелеринин кызматкерлери катышты. Кызматкерлер Бишкек ЭЭАнын бурулушунан Озерное айылынын бурулушуна чейин (А365 айланма жол) аймакты тазалап, иретке келтиришти.