Жарыяланган 14.09.2023

Пенсия тууралуу маалыматтар дайыма пайдалуу жана маанилүү

Пенсия тууралуу маалыматтар дайыма пайдалуу жана маанилүү

“Окуу борбору” мекемесинин сентябрь айына пландалган окуулары өз ишин улантууда. Борбор шаарыбыздын чок ортосундагы Улуттук Тарых музейинин эмгек жамаатына, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коомунда, “Тандем проект” мекемесине жана И.Раззаков атындагы Политехникалык колледжинин студенттик өз алдынча башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнө жана группа башчылары - активист студенттерге окууларды өткөрүштү.

Окуунун жүрүшүндө адаттагыдай эле пенсия тууралуу кызыктуу суроолор берилип адистер тарабынан тиешелүү жооптор берилди. Айрым кызматкерлер адисти кетирбей, өз алдынча суроолорун беришип, мурда кийин кошулбай калган эмгек стажылары тууралуу, керектүү справкаларды каяктан алышары жөнүндө жана келечекте пенсия системасында жаңы мыйзамдар иштелип жатабы, кандай аракеттер болууда деген олуттуу суроолор дагы берилди.

Окуу борборунун адиси Атыр Чынтемирова менен Асель Байсыновага окууга катышкан кызматкерлер ыраазычылык билдиришти.