Жарыяланган 13.09.2023

1-октябрдан тартып пенсия көбөйөт

1-октябрдан тартып пенсия көбөйөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык пенсионерлердин жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38  өлчөмүндө бекитилди.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 миллиард сом каралды. Мындай пенсиялар көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1692 сомго жогорулайт. Ал эми, так жогорулатуу ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.

Бул жогорулатуу инфляция деңгээлинен эки эсе өйдө болуп жатат.

Пенсияны көбөйтүүдө бул жылдын соңку 3 айына Социалдык фонддун эсебинен кошумча 3,9 миллиард сом бөлүнсө, бул сумма 2024-жылга карата кошумча 16,2 миллиард сомду түзөт. Эң негизгиси, пенсияны көтөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат коротулбай, Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн чогултулган каражаттын эсебинен көбөйтүлүп жатат.