Жарыяланган 16.08.2023
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия чектөө үчүн зарыл документтердин тизмеси
Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуу үчүн Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө төмөнкү документтер берилиши керек:
1) алуучунун паспорту;
- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.
Баккан адамынын документтери:
2) Эмгек китепчеси;
3) Орто окуу жайын же жогорку окуу жайын (ЖОЖ) аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүм кабыл алынат);
4) аскердик билет;
5) аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
6) 1996-жылдын 1-январына чейин каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы жөнүндө маалымкаттар;
7) никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;
8) баккан адамынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариатта күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
Багууда болгондордун документтери:
9) эмгекке жараксыз багууда болгондордун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
10) эгерде багууда болгон бала чагынан майып болгон учурда - майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;
11) үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөсүнүн каза болгон баккан адамдын багуусунда болгондугун ырастаган документтер;
12) камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө камкорчулук органынын чечиминин көчүрмөсү тиркелет;
13) өгөй баланын өлгөн адамдын тарбиясында жана багуусунда болгондугунун фактысын ырастаган документтер;
14) багууда болгон балдар орто окуу жайларынын окуучулары же жогорку окуу жайларынын студенттери экендигин ырастаган документтер берилет.