Жарыяланган 14.08.2023

Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси

Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - паспорт;

- качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн - качкындын күбөлүгү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.

2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК)  майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;

3) Эмгек китепчеси

4) 1996-жылдын 1-январына чейин пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамдын каалоосу боюнча каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы

5)  пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу - окугандыгы же аскер кызматын өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүмү кабыл алынат),  аскер билети, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот, никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет;