Жарыяланган 1.08.2023

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы

Соцфонддун “Окуу борбору” мекемесинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы

2021-жылдын 29-январындагы КРнын Президентинин №2 “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу боюнча, КР Соцфондунун кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоону “Окуу борбору” мекемеси жылдык иш-планына киргизип, туруктуу негизде уюштуруп турат.

2023-жылдын май-июнь айларында Соцфонддун Бишкек шаарынын Биринчи Май, Свердлов, Октябрь, Ленин, Ош облусундагы Ош шаардык, Кара-Суу, Араван райондук, Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык, Ыссык-Көл облусунун Түп райондук, Каракол шаардык башкармалыктарынын жана КР Салык кызматынын регионалдык органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда тигүүчүлөр, куруучулар, чакан жана орто бизнес жеке ишкерлери үчүн жер-жерлерде семинар-окутуулар өткөрүлдү.

Семинардын жыйынтыгында ар бир окулган тема боюнча суроолорго жооптор берилип, талкуулар жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер берилди. Катышуучулардын саны -1031 жаранды түзүп, анын ичинен 42 кызматкер Салык кызматынын регионалдык башкармалыктарынан катышышты.

Бул мааалыматтар Соцфонддун расмий сайтына, “Окуу борбору” мекемесинин социалдык тармактарына жарыяланып, ЭлТР, ОшТВ, ЖТР теле-каналдары тарабынан видеосюжеттер тартылып, эфирге чыгарылды, “Менин  шаарым–Токмок” гезитине макала жарыяланды.

Соцфонд менен КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ортосундагы, 2020-жылдын 17-мартындагы № D-49 кызматташуу жөнүндө Меморандумду ишке ашыруу максатында, Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 06-апрелиндеги №2023-жылдын 6-апрелиндеги №10/8-69 кызматтык катынын негизинде, Жазарды аткаруу кызматынын Тарбиялык жана социалдык иштер башкармалыгынын катышуусу менен 2023-жылдын 13-апрелинде 38 кызматкерге, анын ичинде 15 регионалдык кызматкерлерге семинар-окутуу өткөрүлдү.

Семинарларга катышкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери пенсия менен камсыздоо боюнча маалыматтык материалдар жана ченемдик укуктук актылар, буклеттер менен камсыздалып, жыйынтыгында 38 кызматкерге сертификаттар тапшырылды.

Жыл башынан бери: 10 министирликте -658 кызматкер; 42 Саламаттыкты сактоо тармагында -3045 медицина кызматкерлери, 11 ЖОЖ жана атайын Орто окуу жайларынын-812 жаран; 28 Мекеме-ишканаларда -1292 кызматкер; 5 Орто мектептерде -350 мектеп окуучулары жана мугалимдер; 10 Базарлар -671 арендаторлор; 6 Текстилдик тигүү өндүрүшү-200 тигүүчү; 18-Салык төлөөчүлөр (чакан жана жеке бизнес ишкерлери)-1031; 11 Курулуш компанияларда-260 жаран, баардыгы болуп 8319 жаран катышты. Ошондой эле, Социалдык фонддун “Окуу борбору” пенсия курагындагы жарандар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча  акысыз пенсия курагындагы жарандарга 12 пенсионерге курстарды өткөрдү.

Республиканын бардык аймагында пенсиялык сабаттуулукту көтөрүү боюнча Соцфонддун 53 райондук-шаардык башкармалыктарынын жетекчиликтери, кызматкерлери иш алып барып, жер-жерлердеги мекеме-ишканалардын, орто жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттарына, студенттерине да семинар-окутуулар өткөрүлүп жатат. Жыл башынан бери республика боюнча 282 имекеме-ишканаларда, окуу жайларында 7125 жарандын катышуусу менен лекциялар өткөрүлдү.

Жарандарга жана юридикалык жактарга пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө маалыматтык жана кеңеш берүү кызматтарын камсыз кылууну, кеңеш берүү иш аракеттерин уюштурууну, жарандарды жана юридикалык жактарды пенсиялык жана социалдык жактан камсыздандыруу боюнча суроолорун толук жана ар тараптан маалымдоону, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кайрылуучуну кызыктырган суроолорго маалыматтык-кеңеш кызматтарын өтөөдө да, көптөгөн жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Мындан сырткары, Соцфонддун расмий сайтына, “Faсebook”, “Instagram”, “твиттер”, “Ок.ру”, “телеграм” социалдык тармактагы Соцфонддун  баракчалары аркылуу жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар (сүрөт, видео, макалалар) дайыма жарыяланып, байма-бай материалдар берилип турат.