Жарыяланган 31.07.2023

Курулуш компанияларында иштеген жаштар менен жолугуп, пенсия тууралуу маалымат берилди

Курулуш компанияларында иштеген жаштар менен жолугуп, пенсия тууралуу маалымат берилди

Социалдык фонддун негизги максаттары болуп убагында төгүмдөрдү чогултуп, пенсия үчүн каражаттарды туура бөлүштүрүү - бул багытта калк арасында пенсиялык сабаттуулук боюнча окууларды Соцфонддун Окуу борбору мекемесинин адистери тынымсыз өткөрүп келишет.

Алдын ала түзүлгөн иш пландын алкагында Бишкек шаарындагы жүздөгөн курулуш компанияларын кыдырып, маалыматтарыбыз менен бөлүштүк.

Бул жумада “Имарат строй”, “Эмарк групп”, “Нур строй групп”, “Силвер групп” ошондой эле Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо мекемесинде болуп, ишкананын жетекчи кызматкерлери, архитекторлор тобу менен кеңири отуруп, жалпы пенсиялык саясаттын учурдагы абалы, анын мыйзамдары, төгүмдөрдүн пайыздык бөлүнүшү тууралуу кенен айтып берип, суроо-жооптор менен талкууланды.

Окууларга катышкандар ыраазычылык айтып, пайдалуу окуу экенин баса белгилешти.