Жарыяланган 28.07.2023

Соцфонддун Башкармасынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйыны болуп өттү

Соцфонддун Башкармасынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйыны болуп өттү

2023-жылдын 28-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Башкармасынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү. Отурумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Ж. Б. Рысбекова, Соцфонддун жетекчилиги катышты. Ошондой эле Соцфонддун шаардык жана райондук башкармалыктарынын башчыларына видеобайланыш аркылуу отурумга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Б.Алиев белгилегендей, Кыргызстандын пенсиялык системасы өзүнүн өнүгүүсүн жана өркүндөшүн улантууда. Социалдык фонд Кыргызстандагы пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана улгайган адамдардын жашоосун жакшыртууга иштерди улантат.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты ишке ашыруунун натыйжалары боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугу камсыз кылынып жатат.

Пенсияларды өз убагында каржылоо жана төлөө ишке ашырылып жатат, 2023-жылдын биринчи жарым жылында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 35 582,8  млн. сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма  8 256,4 млн. сомго көбөйдү.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө чыгымдардын өсүшү Социалдык фонд тарабынан улгайган жарандарды социалдык коргоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айгинелейт. 2023-жылдын                       1-июлуна карата алдын ала маалыматтар боюнча пенсионерлердин саны 757,9 миң адамды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсионерлердин саны 29,7 миң адамга өстү.

Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйүүдө, 2023-жылдын                    1-июлуна карата коммерциялык банктар аркылуу тейленүүчү пенсия алуучулардын саны 572,7 пенсионерге жетип, жалпы пенсионерлердин санынан 76%ын түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5%га өскөн, же «Элкарт» улуттук төлөм картасын колдонгондордун саны дээрлик 52,5 миң пенсионерге көбөйгөн.

2023-жылдын биринчи жарым жылында Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан 8 045,0 млн. сом инвестицияланды, 2022-жылдын ушул мезгилинде инвестицияланган каражаттар 5 038,2 млн. сом.

2023-жылдын январь-июнунда МТПФ каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер 2 037,1 млн. сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 411,5 млн. сомго көбөйдү.

2023-жылдын башынан бери МТПФ каражаттарынан төлөмдөр 595,9 млн. сом суммасында каржыланды, анын ичинде ипотекалык насыя алуучуларга 342,0 млн. сом, расмий түрдө убактылуу жумушсуз деп табылган адамдарга 1,2 млн. сом, оор орууга кабылган адамдарга 14,6 млн.сом. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МТПФ каражаттарынан төлөмдөрдү каржылоо 380,4 млн. сомго көбөйдү.

Ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү максатында орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайыздан жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер үчүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берген, тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштегендерден тышкары) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6% өлчөмүндө белгиленди («Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамы).

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 286 токтому менен милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн механизмин жөнгө салуучу тартип өркүндөтүлүп жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 101 редакциясындагы нормаларына ылайык келтирилди.

Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жана чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялык укуктарын камсыз кылуу жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун типтүү долбоору, ошондой эле аны ишке ашыруу тартибинин долбоору иштелип чыгып, алар Азербайжан, Улуу Британия, Испания, Италия, Литва, Түштүк Корея, БАЭ, Польша, Франция, Венгрия, Австрия, Чехия, Швеция, Болгария, АКШ, Канада жана  Финляндия өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Социалдык фонд азыркы учурда Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жана чет өлкөлөрдө эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялык укуктарын камсыз кылуу жаатында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер (Россия Федерациясы, Казакстан, Армения, Беларусь), Түркия Республикасы жана Түштүк Корея менен кызматташат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунуна 2023-жылдын январь-июнь айларында 4456 кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 182;
  • ооз эки кайрылуулар – 557
  • электрондук кайрылуулар – 114;
  • КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 65 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 2376;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1162.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде  жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

 

2023-ж. январь-июнь айларында Соцфонддун Call-борбору 6076 кайрылууну кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номуру аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

2023-жылдын июнь айында Call-борборго 1212 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 876 телефон аркылуу түшкөн чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн офлайн чат аркылуу 336 түшкөн кайрылуулар. Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Социалдык фонддун Call-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет. Социалдык фонддун Call-борбору квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.