Жарыяланган 30.06.2023

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун административдик имараты боюнча кулактандыруу

  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун административдик имараты боюнча кулактандыруу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр. 1Б дареги боюнча жайгашкан 1953,3 кв. м. турак жай эмес жайды капиталдык ремонттон өткөрүү шартында ижарага берүүгө ачык тоорук жарыялайт.

Тоорук 2023-жылдын 17-июлунда саат 14:00дө Бишкек ш. Радищев көч., 62 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жыйындар залында өтөт.  

Лоттун баштапкы баасы 1 квадрат метрине 120 сом.

Тоорукка катышуу үчүн билдирме берип,  «Айыл Банк» ААК «ВИП борбор» филиалы 1350108027307374 а/э БИК 135039  8 000 сом өлчөмүндө кепилдик төгүм төгүш керек.

Аукционго катышуу үчүн билдирмелер Бишкек ш., Радищев көч. 62 дареги боюнча жыйындар залында кабыл алынат жана аукцион башталганга чейин беш күн калганда аяктайт.

Ачык тоорукту утуп алган катышуучу үч күндүн ичинде кепилдик төгүмдүн  суммасын алып салгандан кийин лоттун сатып алуу баасын, КРСФ жогоруда көрсөтүлгөн алыш-бериш эсебине төгүшү керек.

Маалымат алуу телефону: 0312 54 81 81