Жарыяланган 23.06.2023

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү ту

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

Кабарлама

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар тараптардын сунуштарын чогултуу башталгандыгы жөнүндө кабарлайт.

  1. Сунушталган жөнгө салуу чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпатталышы:

Көйгөй:

  • ДФЧ

Эң көп сандагы төлөөчүлөрдүн категориясы – жердин аянтына жана асылдуулугуна жараша символикалык белгиленген чендер боюнча (айына орточо 7,7 сом) төгүм төккөн дыйкан-фермердик чарбалардын мүчөлөрү (29,2%). Төгүмдөрдүн жалпы түшүшүндө дыйкан-фермердик чарбалардын үлүшү болгону 0,6% түзөт, бирок аларга пенсия төлөөгө Пенсиялык фонддун бюджетинин 40% кетет.

Ошентип алардын пенсиясынын өлчөмү камсыздандыруу бөлүктөрдөн эмес негизинен пенсиянын базалык бөлүгүнөн турат, бул актуардык теңдемсиздикти, пенсиянын төмөндүгүнө негизсиз нааразычылыктарды, олуттуу жогорулатуу талаптарын, пенсиялык системадагы кайра бөлүштүрүү учурларын жаратат.

Ушуга байланыштуу калктын бардык категориялары үчүн пенсиялык системанын бирдиктүүлүгү экономиканын ар кандай тармактарындагы иш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дифференциацияланган чендерине карама-каршы келет, бул пенсиялык системада актуардык теңдемсиздикке алып келет.

- Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40% нын 12 % өлчөмүндө белгиленген. Ошентип, эгерде кызматкердин эмгек акысы ОАЭ өлчөмүнүн 40% ашса, анда камсыздандыруу төгүмдөрү республика боюнча орточо 929 сомду түзгөн ОАЭ 40% чегерилет жана төлөнөт. Ал эми төлөөчүлөрдүн башка категориялары үчүн иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлер үчүн төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес.

- Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер:

Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар үчүн жеңилдетилген чендер 2027-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Ушуга байланыштуу 2027-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары, бирдей шарттарды сактоо максатында тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн дагы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу керек.

- Курулуш компанияларынын кызматкерлерине карата:

Курулуш компанияларында формалдуу эмес эмгек мамилелеринин жогорку үлүшү курулуш чөйрөсүндөгү кызматкерлерди социалдык жактан кепилдиксиз калуу жагдайларын жаратат - пенсиялык касыздоо, ооруган күндөр, өргүүлөр, жумуштан бошотуу боюнча жөлөкпулдарды төлөө жана башкалар.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы белгиленген тарифтеринин чени – 27,25% (иш берүүчүдөн 17,25% жана жумушчудан 10%).

Мыйзамсыз жумушка алуу – жумушка алуу жана бошотуу жол-жобосу, ошондой эле мобилдүүлүктөн улам камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгү, чынжыр боюнча субподряддык мүмкүнчүлүктөр курулуш компанияларынын кызматкерлери социалдык кепилдиксиз калган кырдаалга алып келет-пенсия менен камсыз кылуу, оорулуу күндөрүн төлөө, өргүү, жумуштан бошотуу боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

КР СФ базасы боюнча курулуш чөйрөсүндөгү кызматкерлердин жылдык орточо саны 854 адамды, камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү 64,3 млн. сомду түзөт (12-тиркеме).

Мында 2022-жылга Улутстаткомдун маалыматтары боюнча курулуш тармагында иштегендердин саны 16831 адамды, орточо эмгек айлык акы – 20066 сомду түзөт. Курулуш чөйрөсүндө формалдуу эмес сектордо иштегендер (2021-ж.) 303,7 миң адамды же 94% түзөт.

  1. Сунуш кылынган жөнгө салуунун максатынын жана көйгөйлөрдү чечүү

ыкмаларынын сыпатталышы:

Камсыздандырылган жарандардын ар кандай категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жана кайра бөлүштүрүүчү учурларды азайтуу аркылуу майнаптуулугун  жогорулатуу жана пенсиялык системада актуардык теңдемсиздик көйгөйүн чечүү жөнгө салуунун максаты болуп эсептелет.

Чечүү жолдору.

1 га ашык жер үлүшүнө ээ ДФЧ үчүн Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна кыскартылган ОАЭ 6% тариф менен милдеттүү камсыздандыруу, мында 1 га чейинки жер үлүшүнө ээ ДФЧ Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө укугун берип, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу сунушталууда.

Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш менен алектенген 50 жана андан ашык жалданма кызматкерлери бар юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендерин ЧОБ (14%) окшош белгилөө, ошону менен бирге төлөөчүлөрдүн көрсөтүлгөн категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базаны кайра карап чыгуу сунушталып жатат.

Имараттарды курууну жүзөгө ашыруучу, курулуш компанияларынын жумушчулары үчүн, формалдуу эмес жумуштуулуктун жогорку деңгээлин эске алып ЧОБго окшош (14%), бирок жүгүртүүгө байланышсыз тарифтердин дем берүүчү чендери сунушталат, мында камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү бирдейлештирүү максатында иш жүзүндөгү эмгек акыдан жүргүзүлөт.

Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуп сыпаттоо):

            ДФЧ үчүн жөнгө салуунун сунушталган варианты пенсиялык укуктарды калыптандыруу шарттарын оптималдаштырууну жогорулатууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүнүн көбөйтүүгө жана анын натыйжасында камсыздандырылган жарандарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен татыктуу камсыздоого жардам берет.

Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарга жана ЖИ карата 50 жана андан ашык болгон жалданма кызматкерлеринин саны ушундай ЧОБ ишканаларына жеңилдетилген тарифтерди белгилөө эсептелет, мында – төлөөчүлөрдүн  бардык категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базаны бирдейлештирүү. 

ЧОБго окшош (14%), бирок 50 жана андан ашык жалданма кызматкерлери бар курулуш иштерин жүргүзгөн уюмдар үчүн келечекте курулуш чөйрөсүнүн кызматкерлеринин пенсиялык системасына жетүүгө өбөлгө түзөт.

Мүмкүн болгон жагымсыз кесепеттерди баалоо:

Терс  кесепеттер  — жок

3. Сунуш кылынган жөнгө салуунун даректелүүчүлөрү – ишкердик субъекттердин санынын мүнөздөмөсү жана баалоосу:

ДФЧ:

- 2015-жылга чейин жер салыгынын базалык ченинен жылына орточо 315 сомдон (же айына 26 сомдон) жүргүзүлгөн.

- 2015-2016-жж. аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык эмгек акыга байланган тариф чендери боюнча орточо жылына 700-800 сомдон төлөнгөн.

- 2017-жылдан баштап орточо айлык эмгек акыдан белгиленген чендердин ордуна жер салыгынын базалык чендерине окшош камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендеринин белгиленишин эске алып.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүндө (51,6 млрд сом) ДФЧ түшкөн төгүмдөрдүн салыштырма салмагы (0,3 млрд сом) 2021-жылы 0,6%ды түздү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн  төлөө: уюшкан сектор – ай сайын 7274 сом (ЭТФдан 27,25%), ДФЧ – ай сайын 7,7 сом.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн аз чегерсе дагы, жарандардын аталган категориясы калган камсыздандырылган адамдардай эле көлөмдө пенсиялык укуктардын көлөмүн пайдаланат, аларга пенсия төлөөгө жалпы керектөөлөрдүн (жалпы керектөөлөр – 58,4 млрд. сом) 40% кетет, ал Пенсиялык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана 0,3 миллиард сому (0,6%) гана ДФЧнын төгүмдөрүнүн эсебинен жабылат.

- Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар

Өз убагында тигүү жана текстиль өнөр жайында иш жүргүзгөн юридикалык жактарга тариф жүгүн азайтуу, ишкердик ишин колдоо жана көмүскөдөн чыгаруу максатында бул тармактарда иш жүргүзгөн бизнес-ассоциациялардын колдоосу менен жүргүзүлгөн.

Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чендери ОАЭ 40%нын 12% өлчөмүндө белгиленген (иш берүүчү-2%, кызматкер-10%).

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин төмөндөшү өнөр жайды өнүктүрүүгө, жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө, иштеп жаткан ишкерлерди экономиканын байкоого алынбаган секторунан чыгаруу үчүн шарттарды түзүүгө, текстиль тармагында иш жүргүзгөн юридикалык жактарга тышкы соода бүтүмдөрүн жүргүзүү пайдалуу боло турган жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзүшү керек болчу.

Бул мыйзамды иштеп чыгууда юридикалык жакты түзүп тигүү өнөр жайынын субъекттерине байкоо жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 1-январына чейин убактылуу чектөөлөр дагы киргизилген жана кызматкерлердин реалдуу саны чыгарылган учурда жана түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында бул практика улантылаары такталган. Андан соң Мыйзамдын колдонулушу 2027-жылдын 1-январына чейин узартылган.

Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, көмүскөдөн олуттуу чыгуу болгон жок. Социалдык фонддун маалыматы боюнча тигүү жана текстиль өнөр жайында иш жүргүзгөн юридикалык жактарда иштегендердин саны 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 964 адамды түзгөн, ал эми жеңилдиктер берилгенден кийин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 2367 адамды түздү, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча өндүрүштүн бул тармагында 200 миңге жакын кызматкер бар.

Ошону менен бирге текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер ай сайын камсыздандыруу төгүмдөрүн ОАЭнын 40%нын 12% өлчөмүндө төлөшөт, мында кызматкерлердин саннына байланган эмес, анткени аларда бул тармактын юридикалык жактарындагыдай көлөм жок.

Алсак, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлерден түшкөн сумма 2012-жылы 12,8 млн сомду, ал эми 2022-жылы 28,0 млн сомду түздү, бул кызматкерлердин санынын көбөйүшү менен эмес, ОАЭ өсүшү менен байланыштуу (2022-жылдагы ОАЭ өсүшү 2012-жылга карата 2,4 эсеге көбөйгөн).

Бул маалыматтар тигүү өндүрүшүнүн көпчүлүк бөлүгү көмүскө экономикада экендигин демек бул тармакта иштегендер келечекте пенсиясы жок болорун же пенсиясы болбогон деңгээлде белгиленерин айгинелейт.

Ошондой эле, азыркы учурда төлөөчүлөрдүн башка категориялары үчүн жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүн өлчөмү орточо бир айлык эмгек акынын 60 % эсептелген суммадан кем болбошу керектигин белгилей кетүү керек.

  1. Сунуш кылынган жөнгө салуунун потенциалдуу даректелүүчүлөрүнүн анын

киргизилиши менен байланышкан кошумча чыгымдарынын жана пайдаларынын болжолдуу баасы:

Татыктуу карылыкты камсыз кылуу, өтө жакырчылык тобокелдигин азайтуу үчүн ДФЧ үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө пайдалуу экендигин эске алып, 1 га чейин жери бар ДФЧ Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө укугун берип, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу сунушталууда.

Жаңы тарифке 1 гектардан ашык жери бар ДФЧ өтөт (ДФЧ ар бир мүчөсүнө 1 га ашык), алардын саны ДФЧ жалпы санынын 7,2% же 31 миңден ашык адамды түзөт.

Пенсия курагына жеткенде ДФЧ пенсиянын базалык бөлүгү чектелет, мында Мыйзамга ылайык жогоруда аталган адамдар пенсиянын топтоо бөлүгүн дайындоого же пенсиялык топтолгон каражаттарын толук көлөмдө бир жолу алууга укуктуу болот.

Сунушталган чаралар камсыздандырылган жарандардын ар кандай категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жана кайра бөлүштүрүү учурларын минималдаштыруу аркылуу майнаптуулугун жогорулатууга жана пенсиялык системадагы актуардык теңдемсиздик көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет.

- Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жалданма кызматкерлеринин саны 50 жана андан ашык болгон юридикалык жактар:

Каралып жаткан тигүү жана текстиль тармактары жумушчу күчүнө туруктуу суроо-талапка ээ саналуу тармактардын бири экендигин эске алып, колдонуудагы чендерди сактоо, бирок камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн базаны унификациялоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн минималдуу босогону кайра карап чыгуу жана аны тиешелүү район же шаар боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 60% өлчөмүндө белгилөө сунушталып жатат.  

  1. Сунушталган жөнгө салууну киргизилиши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарынын жана пайдаларынын болжолдуу баалоосу:

Жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт, анткени азыркы учурда ДФЧ мүчөлөрүнүн пенсиясынын 99% республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнгөн пенсиянын базалык бөлүгүнөн турат.

 

 Төмөнкү суроолорго жооп берүүнү суранабыз:

  • көрсөтүлгөн көйгөйлөр туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылабы?
  • көрсөтүлгөн максат негиздүүбү, жетүү үчүн маанилүүбү?
  • сунушталган жөнгө салуу көйгөйлөрдү чечүүнүн кыйла артыкчылыктуу ыкмасы болуп эсептелеби?
  • сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай пайдалар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн?

• сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер жаралышы мүмкүн?

  • көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү, кыйла майнаптуу ыкмалары барбы?
  • сунушталган жөнгө салууга карата сиздин жалпы пикириңиз.

 

1.    Сунуштар кабыл алынат:

 

электрондук почта боюнча

j.minjilkieva@sf.kg

почта дареги

 (Бишкек ш., Радищев көч., 62)

2.Сунушттарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү

 

2022-жылдын 23-июлу

3.    Социалдык фонддун сайтында сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун акыркы мөөнөтү

 

 

2022-жылдын 23-июлу 

    

 

Кабарламанын жарыяланган күнү  —    2023-жылдын 23-июну