Жарыяланган 2.06.2023

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын кызматкерлери пенсия тууралуу окууларга активдуу катышты

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын кызматкерлери пенсия тууралуу окууларга активдуу катышты

Кезектеги окуулар Бишкек шаарыбыздагы Ленин, Биринчи май, Свердлов, Октябрь райондорунда өткөрүлдү. Биринчи май администрациялык районунун жыйындар залында райондун аймагындагы жеке ишкерлик кылгандар, салык кызматкерлери, жалпы акимчиликтин кызматкерлери үчүн пайдалуу жана өз убагындагы керектүү, маалыматтык жактан колдоо болуп калды. Себеби, мамлекеттик кызматта иштегендер деле пенсиялык төлөмдөр тууралуу дайыма эле кызыга беришпейт. Акыркы убакта өлкөдөгү салык саясатынын өзгөрүшү, төлөмдөрдүн көбөйүшү жана айлык акылардын жогорулашы баары биригип келип пенсиялык төлөмдөр менен тыгыз байланышта болот. Андыктан пенсиялык сабаттуулукту арттыруу үчүн ушундай окуулар абдан пайдалуу экенин байкасак болот. Окууларда көпчүлүк кызыккан суроолордун бири бул топтомо бөлүгү “аны кантип алсак болот, ал үчүн канчадан төлөйбүз, кайсы учурда алсак болот”? Бул суроолорго окуу борбордун адистери, кантип алуунун жолдорун айтып, каякка кантип кайрылуу керектигин түшүндүрүп беришти.

Тигүү цехтеринде иштеген жумушчулардын камсыздандыруу төгүмдөрдү которуп, мыйзамдуу иштөөлөрүнө шарт түзүүдө, биргеликте иштерди алып баруу керек.

Свердлов райондук акимчиликтин жыйындар залында дагы Окуу борбордун пенсиялык сабаттуулук боюнча кезектеги маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы улантылды. Жогорудагы маалыматтарыбызда белгилүү болгондой Свердлов районунун аймагында дагы 5,6 ири тигүү цехтери бар.  Замандын агымына жараша өлкөбүздө тигүү тармагы чоң кирешелерди таап, жумуш орундарын түзүп, салыгын төлөп келген алгылыктуу тармак болуп калды. Бирок, бардык эле чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү -  иш берүүчүлөр социалдык төлөмдөрдү төлөп иштешет деп айтуу кыйын. Көмүскөдө калган ишканалар дагы деле бар. Бул маселеге Свердлов райоунун акиминин орун басары К.Айтакунов токтоло кетти. “Мамлекет тарабынан тигүү тармагында иштеген тикмечилер үчүн кепилдик боло турчу шарттарды иштеп чыгуу керек. Антпесе өлкөдө тажрыйбалуу тикмечилерге болгон суроо-талап өсө бермекчи. Алардын социалдык жашоо шарттарына дагы көңүл бөлүү керек, көпчүлүгүнүн жашаганга туруктуу үйлөрү жок”.  Белгилей кетсек Свердлов районундагы тигүү ишканалары болгон салык төлөөчүлөр саны миңден ашат. Баары социалдык төлөмдөрдү төлөп жатышат деп айтуу кыйын. Мына ушундай жагдайдагы суроо-жооптор, өтүнүчтөр айтылган кызуу талкуу менен коштолду.  Окуунун жыйынтыгында, Свердлов районунун акимчилигинин жакынкы күндөрү  Окуу борбордун адистери менен биргеликте салык кызматкерлерин жана ишкерлерди, тикмечилерди чакырып, чоң жыйын өткөрүүнү уюштуруу керектиги пландалды.

Салыкчылар өз ишмердүүлүктөрүн кандай жигердүү жүргүзсө, окууларга дагы ошондой катыша алышты.

КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча салык кызматы башкармалыгында эмгектенген, салык кызматкерлерине пенсиялык сабаттуулук боюнча адистердин кезектеги окуулары өтүлдү. Салыкчылар өз иштеринде кандай жигердүү иштешсе, окууларга дагы активдүү катышышты. Окуунун журүшү адаттагыдай пенсияга чыгуунун жол жоболору, анын мыйзамдары токтомдору жана пенсия чегерүү тууралуу өзгөрүүлөр жөнүндө кенен маалыматтар берилди. Лекциябызга катышкан салыкчылардын айрым суроолоруна токтоло кетсек.

- Бир тууганыбыз кайтыш болгон, анын буга чейин чогулган топтомо бөлүгүн ала албай жатабыз, кантип алсак болот?

- Ооба, каза болгон, камсыздандырылган жарандын жеке эсебинде топтомо бөлүгү болгон болсо, сөзсүз мураскерлерине,  талапка жооп бере турган иш-кагаздарынын негизинде бир жолку төлөм менен берилет

Топтомо бөлүгүм 50 миң сом экен, ошол суммага ипотекага үйгө которсо болобу? Жетеби?

-  Ооба, мыйзам чегинде сиздин жеке эсебиңизде 50 000 сомдон ашык акчаңыз болсо, бир жолку төлөм менен банктын келишиминин негизинде, которулуп берилет.

- Жакында эле пенсияга чыктым, топтомо бөлүгүн кантип алам?

- Пенсионер статусундагы жарандын топтомо бөлүгү болгон учурда, сөзсүз ала аласыз, бардык кайрылуулар арыз жазуу менен жүргүзүлөт. Арызыңызды жазып, райондук башкармалыкка кайрылсаңыз, сиздин акча каражатыңызды төлөп беребиз.