Жарыяланган 1.06.2023

Ысык-Көл облусунда окуу семинарлар өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунда окуу семинарлар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери жана Мамлекеттик салык кызматынын аймактык кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча кезектеги окуу семинарлар Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол шаарында өткөрүлдү. 

Бул окууларга жогоруда көрсөтүлгөн райондордогу чакан жана орто ишкердик кылган субьектилер ошондой эле жеке ишкерлердин, ири салык төлөөчү ишканалардын эсепчилеринин катышуусу менен өттү. Окуунун жүрүшүндө пенсия жөнүндө маалымат берилип, социалдык камсыздандыруу тарифтерине кирген өзгөрүүлөр боюнча кенен маалыматтар берилди. Ал эми семинарга катышкан тигүү өндүрүшүндөгү ОсОО “Салкын” жана ОсОО “Көрк”, ОсОО “Эсеп”, тейлөө тармагындагы “Нур такси” чакан ишканасынын айдоочулары тарифтер боюнча, топтомо фондунун каражаттары, жеке эсебиндеги каражаттары тууралуу суроолорду беришип, адистерден жоопторду алышты.

Жеке ишкерлер салык кызматынын жана социалдык фонддун адистерине, ишкерлерден көз каранды болбогон учурларда дагы төлөмдөрдү кечиктирүүлөр болуп калганда, автоматтык түрдө туум эсептелинип жаткандыгын билдиришип, форс мажордук учурларды эске алууну суранышты.

Тигүү өндүрүшүнүн жетекчилери ишкананын өзүнө дагы келип маалыматтарды берүүнү суранышып, алардын эшиктери ачык экендигин билдиришти.