Жарыяланган 1.04.2023

Соцфонддун кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Соцфонддун кызматкерлери ишембиликке чыгышты

1-апрелде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында жалпы республикалык ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликке Социалдык фонддун борбордук аппаратынын жана анын астындагы мекемелердин кызматкерлери активдүү катышып, ишембиликтин жүрүшүндө Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Манас көчөсүнө чейинки Чоң-Чүй каналынын жээктери тазаланды.

Бардык катышуучулардын аракети менен аймак толугу менен тазаланып, иретке келтирилди.

Биз шаардын тазалыгын жана жашоого ыңгайлуулугун сактоого салым кошкон мындай иш-чараларга катышып жатканыбызга сыймыктанабыз. Биз мындан ары да мындай демилгелерге катышууга даяр экенибизди билдиребиз жана жаратылышыбызды, айлана-чөйрөбүздү сактап калуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.