Жарыяланган 22.11.2022

КР чакан жана орто ишканаларды колдоо жөнүндө мыйзамы жөнүндө маалымат

КР чакан жана орто ишканаларды колдоо жөнүндө мыйзамы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө»,  «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 4-ноябры № 101 Мыйзамы  боюнча маалымат

 

2021-жылдын 4-ноябрында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө»,«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун 2021-жылдын 1-сентябрындагы №376 «Чакан жана орто ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында чакан жана орто ишкердик субъекттерин мындан ары өнүктүрүү, колдоо жана көмүскөдөн чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдарды, мамлекеттик ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларды жана уюмдарды кошпогондо 30 милион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субьекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн регресивдүү шкаласын белгилөө аркылуу тариф чендерин 2027-жылга чейин азайтылды:

- жалданган кызматкерлеринин саны 5 адам жана андан көбүрөөк болсо ай сайын: 27,25%дан 22%га чейин (жумуш берүүчүдөн 12 % жана кызматкерден 10%).

Ошону менен бирге, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жумуш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Мыйзамынын 2-статьясында, 2-2-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 8-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо бир айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш.

- жалданган кызматкерлеринин саны 15 адам жана андан көбүрөөк болсо 27,25%дан 14%га чейин (жумуш берүүчүдөн 17,25%дан 4%га чейин) төмөндөтүлдү.

Ошол эле учурда, аталган мыйзамдын 14-1-статьясына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынган бир айлык орточо эмгек акынын өлчөмү (6-статьянын 2 жана 2-1-пункттарында каралган төлөөчүлөрдү кошпогондо) - бул өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн бир айлык орточо эмгек акынын Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген өлчөмү.

Мындан тышкары, бизнес коомчулук дайыма эмгекчилердин ден соолугун чыңдоонун учурдагы системасына каршы чыккандыгын эске алып долбоор менен чакан жана орто ишкердиксубъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25 %) алып салынды.

Ошондой эле коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин белгилеген мыйзамдын 4-беренеси жаңы редакцияда баяндалды. Ошол эле бул категориядагы төлөөчүлөр үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25%) алып салынды.

Айта кетсек, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана кабыл алынган Салык кодексин шайкеш келтирүү максатында өзгөртүүлөр киргизилди (аны салык режимдеринин түрлөрүнө, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана салык мыйзамдары боюнча туумдардын ченемдерине ылайык келтирилди).

2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамырасмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзам «Эркин Тоо» газетасынын 2022-жылдын 11-ноябрында № 98 жарыяланды, ошентип Мыйзам 2022-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.