Жарыяланган 8.10.2022

«Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагындагы ишембилик!

«Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагындагы ишембилик!

Ишемби күнү, 8-октябрда, «Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты!

Соцфонддун борбордук аппаратынын жана ага караштуу мекемелеринин 200дөн ашык кызматкерлери Бишкек ЭЭАнын бурулушунан Озерное айылынын бурулушуна чейин (А365 айланма жол) чектеш аймакты тазалоого катышты.

Эскертип кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башталган «Таза Мурас» акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.