Жарыяланган 27.09.2022

Мамлекеттик тил күнүнө арналган «23-сентябрь – кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алган күн» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган «23-сентябрь – кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алган күн»  аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда 2022-жылдын 27-сентябрында  Мамлекеттик тил күнүнө арналган «23-сентябрь – кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алган күн»  аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү болгон.

Анда мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилигинин куттуктоосу жана «23-сентябрь – кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алган күн»  аталышындагы мамлекеттик тилдин жаралуу тарыхы боюнча видеотүрмөк менен коштолду. Ошондой эле Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Курбанов Райымжан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин котормо борборунун директору Абдыжапар уулу Мундузбек  аталган тегерек столдун коногу болуп, мамлекеттик тилдин коомдогу орду, көйгөйү боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүп кетишти.

 Элибиздин кыйла кылымдык тарыхында ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болсо да, өзүнүн эне тилинин улуулугун өчүрбөй биздин күнгө мурас катары сактап келгени талашсыз. Кылым кезген кыргыз элинин тили анын көөнөрбөс мурасы, эркиндигин даңазалаган символу катары кала бермекчи.

Майрамыңыздар менен!