Жарыяланган 2.06.2022

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү т

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү т

 

 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

КАБАРЛОО

                                                                                                   

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана кызыкдар жактардан сунуштарды жыйноо башталгандыгын  билдирет.

1. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын (жөнгө салуунун негизги ченемдерин) баяндоо:

Көйгөй: төлөөчүлөрдүн эң көп сандагы категориясы –дыйкан-фермердик чарбалардын мүчөлөрү (38,4%), алар жер аянтына жана түшүмдүүлүгүнө жараша символикалык белгиленген чендер боюнча (айына орточо 7,7 сом) төгүм төгүшөт. Жалпы түшкөн төгүмдөрдө дыйкан-фермердик чарбалардын үлүшү болгону 0,7%ды түзөт, ал эми Пенсиялык фонддун бюджетинин 40% аларга пенсия төлөөгө кетет.

Ошентип, алардын пенсиясынын өлчөмү пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнөн эмес, негизинен базалык бөлүктөн турат, бул актуардык теңдемсиздикти, пенсиянын өлчөмүнөн аздыгына негизсиз нааразычылыктарды, олуттуу жогорулатуу боюнча талаптарды, пенсиялык системада кайра бөлүштүрүү учурларын жаратат.

Ушуга байланыштуу, калктын бардык категориялары үчүн пенсиялык системадагы бирдейлик экономиканын ар кыл тармактарында иш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дифференцияланган чендерине карама-каршы келет, бул пенсиялык системанын актуардык теңдемсиздигине алып келет.

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатынын жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасынын баяндоо:

Кайра бөлүштүрүү учурларын минималдаштыруу аркылуу камсыздандырылган жарандардын ар кыл категорияларына карата пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жана майнаптуулугун жогорулатуу жана пенсиялык системанын актуардык теңдемсиздиги көйгөйүн чечүү жөнгө салуунун максаты болуп саналат.

3. Чечүү ыкмасы.

1 гектардан ашык жери бар ДФЧ үчүн кыскартылган ОАЭ 6% тарифинде милдеттүү камсыздандыруу, 1 га чейин жери бар ДФЧ үчүн колдонуудагы тарифти калтыруу, мында дыйкандар үчүн пенсиялык фонддо бул каражаттардын өзүнчө эсебин жүргүзүү сунушталып жатат.

 

4.  Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

Терс кесепеттер — жок

 

  • Сунушталган жөнгө салуу даректелген ишкердик субъекттерин  мүнөздөмөсү жана санын баалоо:

- 2015-жылга чейин жылына орточо 315 сомдон (же айына 26 сом) жер салыгынын базалык чендеринен төлөнгөн.

- 2015-2016-жылдар аралыгында камсыздандыруу төгүмдөрү орточо айлык эмгек акыга байланган тариф чендери боюнча орточо 1 га үчүн  700-800 сомдон төлөнгөн.

- 2017-жылдан баштап орточо айлык эмгек акыдан белгиленген чендердин ордуна (айына 25 сом) жер салыгынын базалык ченине окшош камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин белгиленген чендерин эске алып.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүндө (0,3 млрд.сом) ДФЧ түшкөн төгүмдөрдүн салыштырма салмагы 2021-жылы 0,7%ды түздү (38,2 млрд. сом).

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө: уюшкан сектор – ай сайын 5506 сом (ЭТФ 27,25%), ДФЧ – ай сайын 48 сом.

Ошону менен бирге жарандардын аталган категориясы камсыздандыруу төгүмдөрүн аз чегерип, калган камсыздандырылган адамдардай эле пенсиялык укуктардан пайдаланышат, аларга пенсия төлөөгө жалпы керектөөнүн 40% (жалпы керектөө - 50,6 млрд.сом) кетет, ал Пенсиялык фонддун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, 0,3 млрд. сом (0,7%) гана ДФЧ төгүмдөрүнүн эсебинен жабылат.

 

6. Cунушталган жөнгө салуунун потенциалдуу даректелүүчүлөрдүн анын киргизилиши менен байланышкан кошумча чыгымдардын жана пайдалардын болжолдуу баалоосу:

Ошону менен бирге, татыктуу карылыкты камсыз кылуу, өтө жакырчылык тобокелдиктерин азайтуу үчүн ДФЧга СФ ФПФ төлөө өтө пайдалуу, 1 га чейин жери бар ДФЧ үчүн колдонуудагы чендерди калтыруу сунушталып жатат.

Саны ДФЧ жалпы санынын 7,2% түзгөн же 30 миң адамдан ашкан 1 гектардан ашык жери бар (ДФЧнын ар бир мүчөсүнө 1 гектардан ашык) ДФЧ  жаңы тарифке өтөт.

ДФЧ пенсиялык куракка жеткенде төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү жана базалык бөлүгү чектелет.

Мында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүн өзгөчөлөнгөн эсепке алуу сунушталууда, бул кайра бөлүштүрүү учурларын минималдаштыруу жана актуардык теңдемсиздик көйгөйүн чечүү аркылуу пенсиялык системанын майнаптуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт, анткени ДФЧ пенсиясы  фонддун алкагында жогорулатылат. Фермерлер төлөгөн төгүмдөр жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар фермерлерди социалдык камсыздандыруунун финансылык системасынын негизи болуп эсептелет.

7. Сунушталган жөнгө салуунун киргизилиши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарынын жана пайдаларынын болжолдуу баалоосу:

Социалдык пенсия төлөөгө республикалык бюджеттин кошумча каражат талап кылынбайт, анткени азыркы учурда ДФЧнын мүчөсүнүн пенсиясынын 99 % республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнгөн пенсиянын базалык бөлүгүнөн турат.

 Төмөнкү суроолорго жооп берүүнү өнүнөбүз:

  • аталган көйгөйлөр туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылабы?
  • бул максатка жетүү үчүн негиздүүбү, маанилүүбү?
  • сунушталган жөнгө салуу көйгөйдү чечүүнүн эң артыкчылыктуу ыкмасыбы?
  • сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса кандай пайда жана артыкчылыктар болушу мүмкүн?
  • сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса кандай тобокелдиктер жана кесепеттер болушу мүмкүн?
  • көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү кыйла натыйжалуу жолдору барбы?
  • сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикириңиз.

 

Билдирүүнүн маалыматын талкуулоо үчүн контакттар жана мөөнөттөр

1.Сунуштар кабыл алынат:

 

Электрондук почта боюнча

e.raiymkulov@sf.kg

почта дареги

(Бишкек ш., Радищева көч. 62)

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2022-жылдын 30-июну

3. Социалдык фондунун сайтына сунуштарды жана жоопторду жайгаштыруу мөөнөтү

2022-жылдын 30-июну

 

Билдирүү жарыяланган дата — 2022-жыл 1-июнь