Жарыяланган 16.02.2017

1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор 31-марттан баштап күчүн жоготот

1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор  31-марттан баштап күчүн жоготот

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-ноябрындагы №598 токтомуна ылайык 1994-жылдын үлгүсүндөгү “мөөнөтсүз” деген белгиси бар колдонуу мөөнөтү узартылган паспорттор 2017-жылдын 31-мартына чейин колдонулат. Бул паспорттор 1-апрелден баштап юридикалык күчүн жоготот жана жараксыз деп табылат.

Кыргыз Республикасынын жарандарын 2004-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттор (ID-card)  менен камсыздоо максатында 60 жашка чыккан жана андан улуу пенсионерлерди КР Мамлекеттик каттоо кызматы  акысыз түрдө паспорттор менен камсыздоо кампаниясын жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу 60 жашка чыккан жана андан улуу пенсонерлерди 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортору менен жашаган жери боюнча паспорттук-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмдөргө тез арада кайрылышы тууралуу маалымдоо зарыл. Жарандардан кошумча суроолор келип чыккан учурда КР Мамлекеттик каттоо кызматынын кол-борборунун 119 номерине кайрылыңыздар (телефон чалуу акысыз).