Жарыяланган 17.01.2017

КРнын Соцфондунун 2016-жылга бюджети жана 2017- 2018 жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамынын долбоору

 

2017- жылдын 16 январында КР Жогорку  Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети КР Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017- 2018 жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «КР Соцфондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» долбоорлорун жактырды.

 

КР Соцфондунун 2016-жылга бюджети жана 2017- 2018 жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамынын долбооруна маалымат.

«КР Соцфондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө» КР Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Жыл башына карата каражаттардын калдыгы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 1817,9 млн. сом суммасында такталды.

Такталган Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 2016-жылга 25614,7 млн. сом суммасында белгиленүүдө же бектилген бюджетке караганда 1375,5 млн. сомго көбүрөк.

Ошондой эле башка кирешелердин түшүшү 62,7 млн. сомго көбөйүп, 173,8 млн. сом суммасында такталды. Бул сумма Соцфонддун эсептериндеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар боюнча кирешелердин жогорулашына байланыштуу көбөйдү. 

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшүнүн такталган суммасы 16093,0 млн. сомду түзөт.

2016-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүн 15%га же пенсиялар орто эсеп менен 480 сомго жогорулатылды. Мындай жогорулатууга 878,3 млн.сом каражат каралган.

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында Соцфонддун бюджетинин профицити 2016-жылы  1180,9 млн. сом суммасында күтүлүүдө.

 

«КР Соцфондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» КР Мыйзамынын долбооруна маалымат.

 

КР Соцфондунун 2017-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 45937,5 млн. сом жана 2017-2018-жылдарга божомол тиешелүүлүгүнө ылайык 48754,1 млн. сом жана 52184,5 млн. сом суммасында түзүлдү.

2017-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 26737,9 млн. сом суммасында белгиленди.

2017-жылга республикалык бюджеттен түшүүлөр 17522,0 млн. сом суммасында каралды, анын ичинде жеткиргени үчүн 164,7 млн. сом.

Акциялар боюнча дивиденддердин, акча каражаттардын калдыктарына чегерилген пайыздардын, туумдар менен айыптардын, убактылуу бош акча каражаттарын жайгаштыруудан жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн узартууга (бөлүп төлөөгө) эсептелген пайыздардын эсебинен башка кирешелердин түшүшү 2017-жылы 177,6 млн. сом суммасында болжолдонууда.   

Соцфонддун чыгымдары 2017-жылы 45935,7 млн. сом, 2018-жылы– 48562,8 млн. сом, 2019-жылы – 51380,0 млн. сом суммасында каралууда.

Социалдык фонддун бюджетинде пенсияны жогорулатууга 2017-жылга 633,1 млн. сом көлөмүндө каражат каралды.

Ошондой эле 2017-жылы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2015-жылга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 150,5 млн. сом, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна 11,3 млн. сом суммасында карыздарды тындыруу белгиленүүдө.