Жарыяланган 16.11.2021

Социалдык фонд Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жарыялайт:

Социалдык фонд

Төмөнкү бош кызмат орундарды ээлөөгө

конкурс жарыялайт:

 

Бардык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Конституциялык мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларын билиши;

- мамлекеттик жана расмий тилдерди билиши;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташа билиши;

- өз ишин натыйжалуу пландай билиши;

- жамааттын ичинде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана инсандар ортосундагы байланыш, карым-катнаш методдорун колдоно билиши;

- компьютердик жана иш техникасында, керектүү программалык продуктыларда иштей билиши.

 

  1. БОРБОРДУК АППАРАТ
  1. Материалдык-техникалык камсыздоо секторунун башчысы - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • экономикалык, юридикалык жана эл аралык мамилелер багытында жогорку билим.

Иш стажы:

  • Социалдык фонддо 2 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоону жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну;
  •  талдоону, болжолдоону, жалпылоону, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө мамилелердин интеграцияланышын;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алууну жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууну;
  •  кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табууну жана чечүүнү;
  •  коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл мамилелерди колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү.

Тажрыйбалары:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу тажрыйбалары;
  • маалыматтарды талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо тажрыйбалары;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө тажрыйбалары жана аларды практикада колдонуу;
  • жаңжалдуу кырдаалдарды жөнгө салуу тажрыйбалары;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү тажрыйбалары;
  • функционалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка талаптар.
  1. Санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматтык системаларды киргизүү жана коштоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим же орто билим, маалыматтык технологиялар тармагындагы сертификат.

Иш стажы:

  • иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну;
  • документтерди, маалыматты, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону;
  • жарандардын кайрылууларын кароону жана жоопторду даярдоону.

Тажрыйбалары:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө тажрыйбалары жана аларды практикада колдонуу;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу тажрыйбалары;
  • маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо тажрыйбалары;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү тажрыйбалары;
  • функционалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка талаптар.

 

  1. РЕГИОНДУК ОРГАН
  1. Кара-Суу райондук башкармалыгынын пенсия чектөө жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - 1 бош орун;
  2. Араван райондук башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана пенсиянын төлөнүшүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - 1 бош орун;
  3. Свердлов райондук башкармалыгынын адам ресурстары менен иш алып баруу адиси - 1 бош орун.

Кесиптик билим деңгээли:

  • экономикалык, юридикалык жогорку билим.

Иш стажы:

  • иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенциялары:

 Төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткарууну;
  • документтерди, маалыматты, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоону;
  • жарандардын кайрылууларын кароону жана жоопторду даярдоону;

Тажрыйбалар:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө тажрыйбалары жана аларды практикада колдонуу;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу тажрыйбалары;
  • маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо тажрыйбалары;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү тажрыйбалары;
  • функционалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен башка талаптар.

 

  1. Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу секторунун башчысы - 1 бош орун:

Кесиптик билим деңгээли:

  • экономикалык, юридикалык жогорку билим.

Иш стажы:

  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда 1 жылдан кем эмес иш стажы же мамлекеттик, муниципалдык кызматтардын башкы, улук кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы; же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялары:

Төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • иштин приоритеттүү багыттарын аныктоону жана стратегиялык пландарды иштеп чыгууну;
  •  талдоону, болжолдоону, жалпылоону, мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө мамилелердин интеграцияланышын;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алууну жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартууну;
  •  кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табууну жана чечүүнү;
  •  коюлган милдеттерди чечүү үчүн жаңычыл мамилелерди колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү.

Тажрыйбалар:

  • кызматкерлер жана төлөөчүлөр үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын, тренингдерди өткөрүү көндүмдөрү;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө тажрыйбалары жана аларды практикада колдонуу;
  • башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу тажрыйбалары;
  • маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо тажрыйбалары;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү тажрыйбалары;
  • чыр-чатактарды чечүү көндүмдөрү;
  • компьютердик жана оргтехника, керектүү программалык продуктулар боюнча көндүмдөр.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КЕРЕК:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурска катышууга жеке арыз;

- сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча жеке баракчасы;

- байланыш телефондору менен таржымал (резюме);

- сунуштамасы болсо (жакшы болот);

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен);

- паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын ырастоочу документин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

- Ички иштер министрлигинин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалымкат (документтерди тапшырган мезгилден 1 айдан кеч эмес мөөнөткө берилген);

- эмгек китепчесинин, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даражанын жана окумуштуулук наамдын ыйгарылышы тууралуу документтин нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- аскердик каттоо документинин көчүрмөсү (аскерге милдеттүү жана аскер кызматына чакырууга жаткан адамдар үчүн), түп нускалары документтерди тапшырууда талапкер тарабынан жеке берилет.

 

Бош кызмат ордуна конкурстун шарттары жана компьютердик тесттин суроолорунун тизмеги менен www.socfond.kg сайтынын «Вакансиялар» бөлүмүнөн тааныша аласыз.

 

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтер 2021-жылдын 29-ноябрына чейин төмөнкү даректердин бирине берилиши керек:

 

  1. Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 (Борбордук аппарат), (0312) 54-79-74, 57-65-21 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот;
  2. Кара-Суу ш. Спортивная көч. 10, тел.: (03232) 5-11-13;
  3. Араван р-ну, М. Султанов көч.-2, тел. (03231) 5-12-50;
  4. Таш-Көмүр ш., С. Токтомамбетова көч. 2, тел. (03745) 5-01-50;
  5. Бишкек ш., Жибек-Жолу көч. 491, тел. (0312) 32-55-86.

 

Конкурска катышууга жол берилген талапкерлер берилген документтерди иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссияга чакырылат.

 

Жарандардын берилген документтери жана маалыматтары, белгиленген талаптарга жооп бербеген болсо, конкурска катышууга жол берилбейт.