Жарыяланган 29.10.2021

Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүн жогорулатуу

Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүн жогорулатуу

Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүн жогорулатуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир бала өзүнүн ар тараптуу жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу жана социалдык камсыздоо мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ай сайын социалдык жөлөкпул алган балдарды жана бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык колдоону күчөтүү максатында
2021-жылдын 1-сентябрындагы №373 «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн балдардын атасынан же энесинен (атасы менен энесинен) айрылган учурда ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнө чейин теңештирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган 60,0 миңге жакын багуусундагылар бар. Анын ичинен ата-энесинин биринен айрылгандыгы боюнча - 58,8 миң адам, ата-энесинен экөөнөн тең айрылгандыгы боюнча - 0,5 миң адам. Ошол эле учурда пенсияларынын орточо өлчөмү 2229 сомду түзөт жана балдардын 4533 сомдук жашоо минимумуна жетпейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин бул Жарлыгына ылайык 1 баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып – 1500 сомго чейин, 2022-жылдын 1-январынан тартып – 2000 сомго чейин жеткирилет.

Ата-энесинин экөөнөн тең айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып – 3000 сомго чейин, 2022-жылдын 1-январынан тартып – 6000 сомго чейин жеткирилет.

Жогоруда аталган категориялардын пенсиясынын базалык бөлүгүн жогорулатууга республикалык бюджеттен 2021-жылы – 138,0 млн сом, 2022-жылы – 951,8 млн сом бөлүнөт.