Жарыяланган 28.10.2021

Соцфонддун өкүлдөрү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эки тараптуу жолугушууларга катышты

Соцфонддун өкүлдөрү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эки тараптуу жолугушууларга катышты

Соцфонддун өкүлдөрү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эки тараптуу жолугушууларга катышты

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Молдова Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу кассасынын ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө 2021-жылдын 20-22-октябрында Молдова Республикасынын Кишинев шаарында эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.

Иш сапардын жүрүшүндө Социалдык фонддун өкүлдөрү Молдова Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасы, пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө процесси, бюджет системасы, бизнес-процесстерди санариптештирүү тажрыйбасы, ошондой эле чет өлкөдө иштеп жаткан Молдованын жарандарынын пенсия менен камсыз кылуу жагынан эки тараптуу макулдашууларды колдонуу жагында, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелер, учурдагы долбоорлор жана пландар талкууланды.