Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

 

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы №278 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

       

        «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

 

        1. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы №278 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

         Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын:

         19-пунктунун 7 жана 8 абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

  «Жерге укук белгилөөчү документтерге ылайык Нургазиевдердин дыйкан чарбасы чарбанын ар бир мүчөсүнө 1 га, бардыгы болуп 3 га жер үлүшүнө ээ, анын ичинде: сугат айдоо жери - 1,5 га (ар бирине - 0,5 га), кайрак жер - 0,9 га (ар бирине - 0,3 га), чөп аянттары - 0,6 га (ар бирине - 0,2 га). Үй-бүлө үч адамдан турат: башчы - Нургазиев Максат, дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрү: жубайы - Нургазиева Миргүл, уулу - Нургазиев Кайрат.

Жердин аянты ар бир адамга 2,0 га чейин болгондуктан, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө ушул Нускаманын 19-пунктунун «а» пунктчасына ылайык Нургазиевдердин үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн эсебинен жүргүзүлөт:».

         2. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2015-жылдын 7-апрелинен күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                             Т.А.Сариев

 

 

 

 

 

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы №278 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна негиздеме-маалымкат

 

        Дыйкан (фермердик) чарбаларды милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн механизмин тактоо ушул «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы №278 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун максаты болуп эсептелет.

        Төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө жаралган көйгөйлөрүн четтетүү киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбоорунун милдети болуп эсептелет. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы №278 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө» нускамага ылайык дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери чарбанын жеринин санына байланган, бирок жер үлүштөрү ар бир адамга бөлүштүрүлгөн. Ушуга байланыштуу, Социалдык фонд тарабынан дыйкан (фермердик) чарбанын жалпы жер аянтына байланган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин колдонууну тактоо жана түшүндүрүү бөлүгүнө дыйкан чарбанын ар бир мүчөсүнүн жер үлүшүнүн аянтынан эсептелген тариф менен өзгөртүүнү киргизген ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты.

 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясына ылайык бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылды.

Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунун кабыл алынышы укуктук, укук коргоочулук, социалдык, экономикалык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбестигин маалымдайбыз.

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбагандыгын белгилейбиз.

 

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун төрагасы                                      М. Абулгазиев