Опубликовано 20.11.2020
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети кирешелер боюнча 62 496 443,5 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 62 448 875,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин профицити 47 568,5 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-2023-жылдарга бюджетинин божомолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшкөн каражаттардын эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин чыгымдарын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2021-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгымдарды эске алып, 24 094 175,6 миң сом суммасында белгиленсин.
6-берене
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2021-жылга каржылоо 2 700 321,8 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2021-жылга каржылоо 339 902,6 миң сом суммасында белгиленсин.
7-берене
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2021-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.