Опубликовано 5.05.2019
Соцфонддун төрагасынын КР Конституция күнү менен куттуктоосу!
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктайм.
1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганы мамлекетибиздин соңку тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды.
Көз карандысыз Кыргызстандын Баш мыйзамы — өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги.
Бул күн бизди мыйзамды урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик кастарлоого, келечек муун алдында зор жоопкерчиликти сезүүгө үндөп турат.
Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун төрагасы
Медер Ирсалиев.