Опубликовано 7.02.2019
КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь айында 3079 кайрылууну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Соцфонддун Call-борборуна 2551 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 528 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
КР Соцфондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.