Опубликовано 5.10.2018
КР Соцфонду 2018-ж. 9-ай ичинде 22159 кайрылууну кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 11102 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 11057 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.