Опубликовано 13.09.2018
Соцфонддун Call-борбору 2018-ж. 8 ай ичинде 21081 кайрылууну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2018-жылдын 8 ай ичинде 21081 кайрылууну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна 10245 кайрылуу келип түшкөн.
Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн-режиминде 10836 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.