Опубликовано 1.11.2023
2023-жылдын январь-октябрь айларында 56866 жаранга пенсия дайындалып чектелди
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2023-жылдын январь-октябрь айларында 56866 жаранга пенсия чектеди.
Ошонун ичинде 2023-жылы октябрь айында 2393 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1041 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.