Опубликовано 3.10.2022

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

 

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялар Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат. 

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулады  жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулады.

Социалдык фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2022-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түздү. Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү, бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33%га же 1988 сомго жогору.

735,7 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 424,3 млн. сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 083,0 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 341,3 млн. сом кошумча керектелет. 

Пенсионерлер 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алышат.