Опубликовано 7.09.2022
Соцфонддун Колл-борбору 2022-ж. январь-август айларында 13265 кайрылуу кабыл алды.
Соцфонддун Колл-борбору 2022-ж. январь-август айларында 13265 кайрылуу кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.
2022-жылдын август айында Соцфонддун Call-борбору 1584 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 948 кирген жана чыккан чалуулар.
Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 636 электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Социалдык фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.