Абжапаров Тенизбек Жусупбекович

КР Социалдык фондунун башкармасынын мүчөсү,
КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары
Абжапаров Тенизбек Жусупбекович
КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары
Туулган датасы 1970-ж. 9-январь
Курагы 51 жаш
Туулган жери Ош облусу, Өзгөн району
Улуту кыргыз
Билген тилдери кыргыз, орус
Эмгек ишмердиги
1993-1995 - “Саркент” ЛТД ЖЧК, башкы бухгалтер.
1995-1995 -«Z&M» ЖЧК, башкы бухгалтер.
1995-1997 - КР Финансы министрлиги, Макроэкономика, финансылык-кредиттик саясат бөлүмүнүн башкы адиси.
1997 - КР Финансы министрлиги, Ички аудит бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
1997-1998 - КР Финансы министрлиги, Ички аудит башкармалыгынын Казына системасына аудит бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
1998-2002 - КР Финансы министрлиги, Ички аудит башкармалыгынын бюджеттик мекемелерге жана ведомстволук уюмдарга аудит жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы.
2002-2003 - КР Социалдык фонду, Ички аудит башкармалыгынын башчысы.
2003-2009 - КР Социалдык фонду, Киреше башкармалыгынын башчысы.
2009-ж. 9-декабрда КР Президенти К.Бакиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
2011-ж. мартта КР премьер-министри А.Атамбаевдин буйругу менен КР Социалдык фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
2013-ж. январда КР премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
2016-ж. 1-июлунан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.
2018-ж. 22-майда КР премьер-министри М.Абылгазиевдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
2019-ж. июлда - КР премьер-министри М.Абылгазиевдин буйругу менен КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
2021-ж. 12-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругу менен КР Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
Билими
1987-1993 – Кыргыз мамлекеттик университети, эсептик-экономикалык факультети, адистиги: Чарба ишин бухгалтердик эсепке алуу, контролдоо жана талдоо.
Үй-бүлөсү
Үйлөнгөн. Уч баласы бар: эки уулу жана бир кызы.
Кошумча маалымат
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
Сыйлыктары:
КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
«КР Социалдык фондунун отличниги» төш белгиси.
«Финансы-экономикалык иштин отличниги» төш белгиси.
«Салык кызматынын отличниги» төш белгиси.