Опубликовано 31.03.2021

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө Келишими боюнча жарандардын укуктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө Келишими боюнча жарандардын укуктары

2020-жылдын 1-ноябрынан тартып, Анкара шаарында 2018-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим (мындан ары - Келишим), ошондой эле Келишимди ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашуу күчүнө кирди.

Келишим эки республиканын жарандары үчүн социалдык жана пенсиялык камсыздоо жаатында бирдей укуктардын түзүлүшүн карайт.

Пенсияларды эсептөө үчүн эки мамлекеттин аймагында камсыздандыруу стажын эсептөө шарттары түзүлгөн. Келишим эки өлкөнүн эмгекчилеринин эркин жүрүшүнө жана абалын мыйзамдаштырууга көмөк берет.

Пенсияга укугун аныктоо үчүн Тараптардын ар бири мыйзамдарына ылайык ээ болгон стажды эске алары каралган, эгерде Тараптардын биринин мыйзамдары боюнча алган камсыздандыруу стажы жетишсиз болсо, анда эки Тараптын мыйзамдары боюнча түзүлгөн камсыздандыруу стажын кошуу каралган.

Ар бир мамлекет эмгекчиге эмгекке орноштурган өлкөсүндө иштеген мезгилине жана чегерген пенсиялык төгүмдөрүнө шайкеш пенсиянын бир бөлүгүн төлөп берерин эске алганда, эмгекчилер жумуш берүүчүлөр менен эмгек мамилелерин расмий түрдө тариздеши, башкача айтканда милдеттүү түрдө эмгек келишимдерин өз убагында түзүшү керек.

2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Түркия Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

Келишимдин 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык «Келишим түзүп жаткан Тараптардын аймаганда жайгашкан ишканалардын филиалында же туруктуу өкүлчүлүгүндө жумушка орношкон камсыздандырылган адам офисинин катталган жерине карабастан андай филиал же өкүлчүлүк жайгашкан Келишим түзүп жаткан Тараптардын мыйзамдарынын астында болот». Башкача айтканда Кыргыз Республикасында иштеп жаткан Түркия Республикасынын жарандары  камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей эле «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык  төлөөчүлөрдүн тийиштүү категориясы үчүн тарифтер боюнча төлөйт.

Ошол эле учурда, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарына эмгек акы төлөө ведомостун толтурууда 001 «негизги кызматкер» кодун колдонуу керек.

Бирок, Келишимдин алкагында Келишимдин 8-беренесинин 1-3-пункттарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу каралган.

1) эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин аймагында иштеген адам иш берүүчү тарабынан Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагына кандайдыр бир ишти аткаруу үчүн жиберилсе анда ал ошол эле кызматкердин кызматкер статусу сакталган шартта 24 айдан ашпаган мезгилге Келишим түзүп жаткан биринчи Тараптын мыйзамдарынын астында боло берет.

2) эгерде Келишим түзүп жаткан Тараптардын биринин аймагында иштеген өз алдынча иштеген адам Келишим түзүп жаткан башка Тараптын аймагына убактылуу ишти аткаруу үчүн көчүп барса, анда ал 24 айдан ашпаган мезгилге Келишим түзүп жаткан биринчи Тараптын мыйзамдарынын астында боло берет.

3) 1 жана 2-пункттарда көрсөтүлгөн мезгилдер Келишим түзүп жаткан эки Тараптын ыйгарым укуктуу органдары же компетенттүү мекемелери менен алдын ала макулдашылып жалпысынан 60 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу үчүн жумуш берүүчүнүн Түркия Республикасында жайгашкан башкы офиси кызматкерине карата толтурулган формалары менен Түркия Республикасынын компетенттүү органына кайрылышы керек (Социалдык камсыздандыруу институту), андан кийин Түркия Республикасынын Социалдык камсыздандыруу институту формадагы маалыматтарды текшерип, эмгекке орношкон өлкөнүн компетенттүү мекемесине (Кыргыз Республикасында – Социалдык фонд) жиберет, андан соң чет өлкөлүк жумушчулардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

Эгерде эмгекке орноштурган өлкөнүн компетенттүү мекемеси (Кыргыз Республикасында Социалдык фонд) Түркия Республикасында кызматкердин камсыздандырылгандыгы көрсөтүлгөн тийиштүү формаларды албаса, ал жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин 9-беренесинин 2-пунктунун астында болот.

Тараптардын дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси тарабынан жалданган адамдар үчүн мыйзамдарды тандоо укугу

Келишимдин 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык тараптардын  дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери тарабынан жалданган адамдарга карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын колдонулушун тандоо укугу каралган. Бул укук тийшитүү формаларды толтуруу аркылуу ишке ашырылат.  

Түркия Республикасынын жарандарынын пайдасына Пенсиялык фондго 3% өлчөмүндө - тилектештик бөлүгүнө  камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн Келишим күчүнө киргенге чейинки мезгилдер эсепке алынбайт, анткени бул суммалар өздүк камсыздандыруу эсептеринде чагылдырылбайт жана пенсиялык камсыздоого укук бербейт.

Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн жана аймагында ишмердик жүргүзгөн, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын потенциалдуу жумуш орундарын ээлеген жана барган мамлекеттин аймагында киреше алып жаткан чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына төгүмдөрдү толук эмес, бир аз эле төлөм төккөндүктөн бул төгүмдөр Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө багытталат. Ушуга байланыштуу, алар Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген  эрежелерден башка учурларда пенсия алууга укугу жок.